Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү

Ысык-Көл облусунун педагогдору “PISA-2025ке» даярдануу боюнча квалификациясын жогорулатышты

Көрүлдү: 0

Ысык-Көл облусунун математика, эне тили жана табият таануу мугалимдери «PISA-2025 тестине даярдануу аркылуу Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу» аттуу 72 сааттык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүштү.

post.title

Курстун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышууга даярдоого гана эмес, жалпы республика боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо боюнча методологияларды жана негизги ыкмаларды өздөштүрүү.

Окутуу 2023-жылдын 23-январынан 4-февралына чейин Каракол шаарында өтүп, ага облустун ар бир районунан педагогдор катышты.

Окуунун жүрүшүндө катышуучулар заманбап мектеп окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүү кандай деңгээлде маанилүү экендигин аныкташты. Курстун иши функционалдык сабаттуулуктун багыттары боюнча пайда болгон көйгөйлөрдү талкуулоо жана колдонулуп келген методологияларды талдоо менен коштолду.

«Келечек үчүн билим» долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева жана консультанты Турсунбай кызы Ырыскуль «Педагогикалык тестирлөөнүн теориясы жана практикасы. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун баалоо» сессиясын өткөрүштү.

Белгилей кетсек, 72 сааттык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсу PISA-2025 изилдөөсүнө катышууга даярдоонун алкагында Орусия академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун адистеринин катышуусу менен өткөрүлгөн Жайкы мектепте берилген материалдардын негизинде даярдалган.

PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) - окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Кыргызстан бул изилдөөгө үчүнчү жолу 2025-жылы катышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар