Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борбору кайсы аймактарда түзүлө турганы белгилүү болду

Көрүлдү: 0

Кыргызстандын 7 облусунда уюштурулуучу мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борборунун (3 сааттык кыска мөөнөттүү бала бакчалар) объекттери аныкталды. Өнүктүрүү борборлору Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлөт.

post.title

 

Министрликке мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорун түзүү арызы менен жергиликтүү бийлик органдарынын жалпы 105 өтүнмө келип түшкөн. Министрликтин алдындагы түзүлгөн атайын комиссия кабыл алынган документтердин толуктугун жана тандоо критерийлерине шайкештигин карап, 60 объектини тандап бүттү. Алар:

 

Баткен облусу. Жалпы – 4.

Баткен району – 2;

Лейлек району – 2.

 

Ош облусу. Жалпы – 12.

Кара-Кулжа району – 2;

Алай району – 3;

Араван району – 5;

Ноокат району – 2.

 

Жалал-Абад облусу. Жалпы – 15.

Чаткал району – 2;

Аксы району – 2;

Ноокен району – 2;

Базар-Коргон району – 5;

Сузак району – 4.

 

Талас облусу. Жалпы – 12.

Манас району – 4;

Кара-Буура району – 8.

 

Нарын облусу. Жалпы – 3.

Нарын району – 2;

Ат-Башы району – 1.

 

Ысык-Көл облусу. Жалпы – 6.

Жети-Өгүз району – 1;

Ак-Суу району – 5.

 

Чүй облусу. Жалпы – 8.

Аламүдүн району‎ – 1;

Панфилов району – 1;

Кемин району‎ – 2;

Ысык-Ата району – 4.

 

Тандалып алынган объекттердин проекттик-сметалык документация жумуштары да бүтүрүлдү. Февраль айында жогорудагы объекттерде оңдоп-түзөө, санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү үчүн тендер жарыяланат.

Белгилей кетсек, ар бир борбордо оңдоп-түзөө иштеринен сырткары, эмерек, килем, оюн жана өнүгүү үчүн материалдар, оюнчуктар, дидактикалык жана методикалык материалдар берилет, заманбап балдар аянтчалары курулат жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкташкан шарттар түзүлөт. Өнүктүрүү борборлору 3-5 жаш курактагы 3000ден ашуун баланы камтый алат.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар