Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында кыска мөөнөттүү 280 бала бакчада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды

Көрүлдү: 0

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында кыска мөөнөттүү 280 бала бакчаны түзүү максатында буга чейин тандалып алынган имараттарда, кааналарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү (реабилитациялоо), санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү (септик, сантехникалык жумуштар) үчүн тендер жарыяланды.

post.title

 

Тендер боюнча маалымат тиешелүү сайт жана гезиттерде жарык көрдү. Ошондой эле 432 курулуш компанияларына жарыя тууралуу кабар берилди. Кеңири маалымат төмөндөгү шилтемелерде:

 

Баткен облусу боюнча тендер -  https://edu.gov.kg/announcements/181/

Ош облусу боюнча тендер -  https://edu.gov.kg/announcements/182/

Жалал-Абад облусу боюнча тендер -  https://edu.gov.kg/announcements/180/

 

Аймактын аталышы

КББ саны

Лоттордун саны

Тендердик заявкалардын ачуунун мөөнөтү

1

БАТКЕН ОБЛУСУ

30

12 лот

3 март 2023 г.

2

ОШ ОБЛУСУ

136

29 лот 

6 март 2023 г.

3

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

114

29 лот

9 март 2023 г.

 

Жалпы

280

70 лот

 

 

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү тендерге байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн катышуучулар менен офлайн жана онлайн форматта тандап алууга чейинки жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырган:

 

  • Баткен – 2023-ж. 16-февралында, саат 11:00дө
  • Ош – 2023-ж. 17-февралында, саат 11:00дө
  • Жалал-Абад – 2023-ж. 20-февралында, саат 14:00дө

Тендердик документациялар жана долбоорлоо чиймелери электрондук түрдө жана төмөнкү даректер боюнча берилет: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү. Дареги: Бишкек ш., Манас пр., 22А, Телефондор: +996 (312) 31-70-55/31-70-16. E-mail: gpeprocurement@gmail.com

 

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча түзөт. Доолбоор жергиликтүү бийлик тарабынын бала бакча үчүн сунушталган имарат же кааналарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт, санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт, тарбиячыларды окутуудан өткөрөт, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, билим берүү (эмерек, килем, оюнчуктар, окутуу куралдары, балдар аянтчалары) үчүн керектүү болгон жумуштарды аткарат. Кыска мөөнөттүү 500 бала бакча 20 миңден ашуун баланы камтууга мерчемделген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар