Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
1200 мектепке компьютерлер жеткириле баштады

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик техникаларды жеткирүү жумушун баштады. Учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникалар жеткирилип бүттү. Калган мектептерге 2023-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда.

post.title

 

Долбоордун алкагында 1200 мектепте жана 8 педколледжде электрондук китепкана үчүн өзүнчө класстар ачылып, эмеректер менен жабдылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамында электрондук китепкананын иштеши үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлдү. Ар бир мектеп 21 даана компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, 1 көп функционалдуу принтер жана 1 үзгүлтүксүз энергия булагын (UPS) алат.

 

Мындан сырткары, 1200 мектепте бештен мультимедиалык класстар ачылат. Бул  математика жана табигый так илим (STEM) предметтерин окутуу процессинде инновациялык методикаларды жана электрондук материалдарды колдонууга мүмкүндүк берет.

 

Ошондой эле математика жана табигый так илим предметтерине (физика, химия, биология, география) басым жасоо менен 5-11-класстар үчүн электрондук форматтагы кошумча окуу материалдарын камтыган  санариптик платформаны түзүүгө техникалык жардам көрсөтүлөт. Санариптик контент Кыргызстандын бардык мектептерине жеткиликтүү болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар