Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун бенефициарлары менен жолугушуулар Талас жана Нарын облустарында өттү

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоору боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып жатат.

post.title

Кезекетеги жолугушуулар 10-октябрдан 14-октябрга чейин Талас облусунда жана 24-октябрдан 28-октябрга чейин Нарын облусунда болуп өттү.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева, жарандар менен иштөө, коомчулук менен байланыш боюнча адис Акылбек Орозматов жана социалдык маселелер боюнча адиси Талант Эркинбеков аталган облустардын ар бир районунда жыйын өткөрүп, долбоорго катышып жаткан тараптарга анын максат-милдеттери, багыттары боюнча кенен маалымат берип, жергиликтүү бийлик, мектеп мүдүрлөрү менен биргеликте аткарылуучу үч тараптуу жумуштарды талкуулады.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын долбоорлорундагы даттануу механизмдерин кароону жана социалдык-экологиялык стандарттарды киргизүү боюнча түшүндүрүү жумуштары жүрдү.  

«Келечек үчүн билим берүү» долбоору - мектепке чейинки билим берүү программасын кеңейтүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, тарбиячылар менен мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн, кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар