Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ МАКСАТЫНДА ГЛОБАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮКТҮН ГРАНТЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮГӨ КОНКУРС УЗАРТЫЛДЫ

Көрүлдү: 794

“Билим берүү системасынын потенциалын өнүктүрүү үчүн” Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүктүн 950 000 (тогуз жүз элүү миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү грантын өздөштүрүү максатында Билим берүү системасынын потенциалын өнүктүрүү үчүн гранты” аталышындагы конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2023-жылдын 27-декабрына чейин узартылды.

post.title

Буга аталган конкурска мурда белгиленген дата – 2023-жылдын 13-декабрына чейин кызыкдар өнөктөштөр тарабынан өтүнмөлөр келип түшпөгөндүгү себеп болгонун маалымдайбыз.

Конкурска Дүйнөлүк банктын Билим берүү максатындагы глобалдык өнөктөштүгүнө аккредитациядан өткөн гана өнөктөштөр катыша алат. Министрлик аталган өнөктөштүккө аккредитациядан өтүү алты ай убакыт аларын билдирет.

Конкурстун максаты –  Билим берүү тармагындагы заманбап чакырыктарды жана керектөөлөрдү эске алуу менен билим берүү системасынын потенциалын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган долбоорлорду жана демилгелерди колдоо.,

Конкурстун жобосу жана өтүнмө формасы менен таанышуу үчүн:

1. ► Жобо;

2. ► Форма.

Дүйнөлүк банктын Билим берүү максатындагы глобалдык өнөктөштүгүнө аккредитациядан өткөн уюмдар: (► документ).

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар