...
БАЛДАР УКУГУ ЖӨНҮНДӨ БУУ КОНВЕНЦИЯСЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫ ТУУРАЛУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЯНДАМАСЫ УГУЛДУ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева 13-14-сентябрда Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женева шаарындагы (Швейцария) БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 94-сессиясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын бириккен V жана VI мезгилдүү баяндамасын угууларга катышты.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Сентябрь 2023 ж. 10:19 892

...
№28 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРУН АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТУУ АЗЕМИ

Бүгүн, - 21-сентябрда, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова, Москва районунун акими Ниязбек Козуев, ардагер мугалимдер №28 кесиптик лицейдин директору Сагынбек Чагарбаевди ардактуу эс алууга узатуу аземине катышты.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Сентябрь 2023 ж. 18:17 649

...
КЫРГЫЗСТАН ЖАНА САНКТ-ПЕТЕРБУРГ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЧЫҢДООДО

Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын XII жыйыны өттү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Сентябрь 2023 ж. 15:26 714

...
УЛАНБЕК УСЕКОВ ГЕТЕ-ИНСТИТУТУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн, 20-сентябрда Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков Казакстандагы Гёте-Институтунун директору Барбара Анна Бернсмайер жана Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча тил иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Ульрике Вюрц менен жолугушуп, анда кызматташууну активдештирүү маселеси талкууланды.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Сентябрь 2023 ж. 16:15 2619

...
ӨНӨКТӨШТӨР STEM ЖАНА САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАШТЫ

19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде өткөн жолугушууда технологиялык индустрия тармагынын лидерлери, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрү кыздар жана аялдар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасоо менен STEM жана санариптик билим берүүнү ишке ашырууну талкуулашты.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Сентябрь 2023 ж. 15:09 2563

...
КОНКУРСТУК ТАНДООНУ ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүүчү уюмдарынын директорунун ваканттык бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тиркемеге ылайык (тизме тиркелет) ачык сынак жарыялайт.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Сентябрь 2023 ж. 18:54 1569

...
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА РЕФОРМАЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН ӨНӨКТӨШТҮК ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮГӨ КОЛ КОЙДУ

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «2023-2027-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында сапаттуу мектептик билимге жана окуу мүмкүнчүлүктөрүнө бирдей жеткиликтүүлүккө карай» долбоорунун алкагында өнөктөштүк тууралуу билдирүүгө кол койду.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Сентябрь 2023 ж. 18:37 2838

...
ТАЛДООЧУЛАР БИШКЕКТЕ ЧОҢ ЕВРАЗИЯНЫН ӨНҮГҮШҮН ТАЛКУУЛАШАТ

19-сентябрда Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин 30 жылдыгына арналган “Чоң Евразиядагы аналитикалык көпүрө: социалдык-экономикалык, саясий жана гуманитардык көйгөйлөр” темасындагы эл аралык конференция башталды.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Сентябрь 2023 ж. 17:05 610

...
УЛАНБЕК УСЕКОВ ТҮРКСОЙДУН ДИЛ БАЯНДАР СЫНАГЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн, 19-сентябрда Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” дил баяндар сынагында жеңүүчү болгон кыргызстандык окуучулар менен жолугушту.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Сентябрь 2023 ж. 14:24 678

...
Алдыңкы тажрыйба борборунун социалдык өнөктөштөрү үчүн көз карандысыз сертификациялоо маселелери боюнча тренинг өткөрүлдү

Бүгүн, 19-сентябрда ЖАГУнун Жалал-Абад колледжинин Алдыңкы тажрыйба борборунда социалдык өнөктөштөрдү көз карандысыз сертификациялоо, гендер жана инклюзия маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр

19 Сентябрь 2023 ж. 14:20 153

...
УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ «ТУУРА ТАМАКТАНУУ – СЕРГЕК ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ» ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУН ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯРДАНУУДА

Бүгүн, - 18-сентябрда, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаеванын жетекчилиги астында “Туура тамактануу – сергек жашоонун маңызы” аттуу эл аралык форумга даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жумушчу жыйыны болуп өттү.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Сентябрь 2023 ж. 18:12 2535

...
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН КАЙРА ДАЯРДОО КУРСТАРЫ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 18-сентябрда кесиптик лицейлердин директорлору, директорлордун орун басарлары, улук устаттар, методисттер жана окутуучулар үчүн “Педагогикалык чеберчилик” жана “Заманбап жетекчи” квалификация жогорулатуу курстары башталды. Курстардын расмий башталышына Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова катышты.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Сентябрь 2023 ж. 13:35 2716

...
МЕКТЕПТЕРДИ ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДЫ КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДОО

“Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун билим берүү мекемелерине (мектеп, бала бакча) жана министрликтин карамагындагы 42 билим берүү уюмдарына (мектеп-интернат, адистештирилген жатак-мектептер) көмүр сатып алууга республикалык бюджеттен 109 млн сом каралды”, - деп билдирди Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Сентябрь 2023 ж. 18:21 614

...
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРДИН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТЫНА КОНКУРСТУК ТАНДОО БАШТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Сентябрь 2023 ж. 18:05 3416

...
Алдыңкы тажрыйба борборунун социалдык өнөктөштөрү үчүн гендер жана инклюзия маселелери боюнча тренинг өткөрүлдү

Бүгүн, 15-сентябрда Кара-Балта шаарындагы Алдыңкы тажрыйба борборунун базасында социалдык өнөктөштөр, иш берүүчүлөрдүн жана башка уюмдардын өкүлдөрү үчүн гендер жана инклюзия маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр

15 Сентябрь 2023 ж. 16:22 127

Мааракелер календары

календардын баары

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

26 Апрель 2024 ж. 10:00

2024-жылдын 26-апрелинде борбордогу Эмен паркында 9 колледж жана 22 кесиптик лицейдин катышуусунда артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт.

Пресс-конференция "Электронная запись в первый класс государственных и муниципальных школ на 2024-2025 учебный год"

4 Апрель 2024 ж. 10:00

4 апреля 2024 года в информационном агентстве «Кабар» будет проведена пресс-конференция об электронной записи в первый класс государственных и муниципальных школ на 2024-2025 учебный год.

ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУНУН ЖЕТЕКЧИСИ КОНКУРСТУК ТАНДОО

2 Март 2024 ж. 10:00

2-мартта «Кабар» маалымат агентигинде 2024-ж. 22-февралындагы №79 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомунун аткарылышы боюнча маалымат жыйыны берилет.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар