МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЛИРА САМЫКБАЕВА ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЛЕЙЛЕКТЕ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Ноябрь 2024 ж. 15:37

Көрүлдү: 412

2024-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Лейлек районуна иш сапары менен келип, жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйынга Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн, Раззаков шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана Сумбула, Тогуз-Булак айыл аймактарындагы мектеп директорлору катышты. 

Министрдин орун басары жыйындын катышуучуларына билим берүү тармагын санариптештирүү маселелери тууралуу кеңири маалымат берди. Л. Самыкбаева автоматташтырылган маалыматтык базаны толтурууда Лейлек районундагы билим берүү уюмдары алдыңкылардын катарында экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди. Жыйындын жүрүшүндө мектеп директорлору ата-энелери тышкы миграцияда жүргөн окуучулардын өздүгүн аныктоо жана системага киргизүү, программалык камсыздоолордун коопсуздугу сыяктуу суроолорго кеңири жоопторду алышты.  

Бүгүн Л. Самыкбаева Лейлектеги жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери жана кызматкерлери менен кеңири форматта жолугушат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар