КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР РОССИЯДА ӨТКӨН “ПРОФЕССИОНАЛДАР” ЧЕМПИОНАТЫНАН БАЙГЕЛҮҮ КАЙТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Декабрь 2024 ж. 12:50

Көрүлдү: 1103

2024-жылдын 26-30-ноябрында Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги жана «Кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү институту», Федералдык мамлекеттик бюджеттик кошумча кесиптик билим берүү мекемеси - кесиптик чеберчилик боюнча Бүткүл россиялык чемпионат кыймылынын федералдык оператору тарабынан уюштурулган «Профессионалдар» чемпионатынын финалы Санкт-Петербург шаарында өттү.

post.title

Чемпионаттын финалына К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Бишкек техникалык колледжинин, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин кесиптик колледжинин жана № 99 кесиптик лицейдин студенттери катышты. 


Чемпионаттын жыйынтыгында Бишкек техникалык колледжинин студенттери 2 күмүш, Бишкек автомобиль-жол колледжинин студенттери 1 күмүш, 2 коло медаль алышса, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин кесиптик колледжинин студенттери 1 күмүш медаль утушту.  


Белгилей кетсек, “Профессионалдар” чемпионаты экономиканын түрдүү тармактарында кадрларды өнүктүрүүгө багытталган жана бул чемпионат сынактарды гана эмес, ишкердик, көргөзмө жана маданий программаларды да камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар