Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Ош шаарынан Ысык-Көлдө өтүүчү фестивалга жөнөп жаткан Ош шаарынын мэриясына караштуу “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун окуучулары түшкөн транспорт каражатындагы көрүнүштү жол берилгис деп эсептейт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Июнь 2025 ж. 19:07 687
«Менин психологиялык жыргалчылыгым жана кризистик кырдаалда теңтуштарга жардам көрсөтүү» (психикалык саламаттык жаатында жеткиликтүүлүктү кеңейтүү) долбоорунун алкагында Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун окутуучулары Чүй облусунун Будённовка айылындагы мектепте, Ош облусунун Араван районундагы Бобур атындагы мектепте 9-класстын окуучулары үчүн жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун өзүндө студенттер үчүн тренингдер өтүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Июнь 2025 ж. 18:02 1283
2025-жылдын 26–27-июнунда Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан Европадагы жана Борбор Азиядагы билим берүү жана технология маселелери боюнча министрлик жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Сербия Республикасынын билим берүү министри Деян Вук Станкович жана Safe Online платформасынын аткаруучу директору Мария Манойлович менен жолугушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Июнь 2025 ж. 17:31 1134
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги азыркы учурда «Санарип Кампа» жана «Э-Күндөлүк» санариптик платформаларын колдонуу боюнча окутуу семинарларын өткөрүүдө. Бул иш-чаралардын максаты – билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин санариптик компетенцияларын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана окуу процессин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Июнь 2025 ж. 15:28 1178
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде ушул жылдын 24-июнда болуп өткөн жыйын – Байкоочу кеңештин экинчи отуруму. Байкоочу кеңеш долбоорду ачык-айкын жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Жыйынга агартуу министринин орун басары, башкармалыктардын жана ведомстволук мекемелердин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Июнь 2025 ж. 12:05 1276
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 26-27-июнунда Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан Европадагы жана Борбор Азиядагы билим берүү жана технология маселелери боюнча министрлик жолугушууга катышууда. Бул иш-чаранын алкагында министр негизги сессияларга жана талкууларга катышып, билим берүүнү жана технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук демилгелерди сунуштоодо.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Июнь 2025 ж. 11:31 971
2025-жылдын 22–28-июнунда Сингапурда киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык олимпиада (ICO 2025 Singapore) өттү. Ага 27 өлкөдөн 135 окуучу катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Июнь 2025 ж. 10:24 1076
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги «Улут Софт» компаниясы менен биргеликте «Санарип Кампа» жана «Э-Күндөлүк» санарип платформаларын колдонуу боюнча бир катар окуу семинарларын уюштурду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Июнь 2025 ж. 12:16 1430
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 24-июнундагы № 716/1 буйругу менен Кыргыз Республикасынын окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан колдонулушуна уруксат берилген окуу китептеринин тизмектери бекитилди.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
25 Июнь 2025 ж. 17:38 37065
2025-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министрдин орун басары Альберт Махметкулов Корея Республикасынын Кёнсанбук-до провинциясынын расмий делегациясы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
24 Июнь 2025 ж. 18:07 731
Бүгүн, 24-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтуна барып, азыркы учурда иштеп жаткан окутуучулар жана болочок мугалимдер менен жолугушууларды өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Июнь 2025 ж. 16:48 1162
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жаңы санариптик инструментти – окуучунун электрондук өздүк делосун (ЭӨД) ишке киргизүүдө, ал санариптик форматта окуучунун жетишкендиги жөнүндө маалыматты, социалдык жана демографиялык маалыматтарын камтыйт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Июнь 2025 ж. 16:01 2259
Быйылкы тестирлөөгө өлкө боюнча жалпы 56 160 бүтүрүүчү катышты, анын ичинен кыргыз тилинде тапшыргандар – 31 721, орус тилинде тапшыргандар – 24 439.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Июнь 2025 ж. 18:05 3453
Урматтуу кесиптештер! Сиздерди 23-июнь – Мамлекеттик кызматкерлердин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Июнь 2025 ж. 17:49 1918
2025-жылдын 20-июнунда Ош шаарында жалпы билим берүү уюмдарындагы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тамактанууну жакшыртуу маселелерине арналган семинар өткөрүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Июнь 2025 ж. 16:40 1034