Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган "Жаңылыктын жарчысы" аттуу педагогикалык семинар-форум өтүүдө. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 800дөн ашуун педагог катышууда. Форумдун негизги максаты — Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоого багытталган «Алтын Казык» программасын илгерилетүү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Июнь 2025 ж. 10:26 1503
2025-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында жалпы билим берүү уюмдарындагы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тамактанууну жакшыртуу маселелерине арналган семинар өткөрүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Июнь 2025 ж. 18:21 986
2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 5–6 жаштагы балдардын башталгыч мектепке даярдыгын баалоого багытталган тышкы мониторинг куралын апробациялоо жана ылайыкташтыруу пландалган Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун 15 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында иш жүргүзө турган райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, жетекчилер, усулчулар жана тарбиячылар үчүн баштапкы семинар-тренинг өткөрүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Июнь 2025 ж. 17:01 1275
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү жеринде аныктап, чечүү максатында аймактардагы жарандар жана мугалимдер менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Июнь 2025 ж. 16:03 1115
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министринин орун басары Чэн Цзячан менен жолугушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Июнь 2025 ж. 14:04 1029
Бүгүн, 2025-жылдын 12-июнунда, Кыргыз Республикасынын делегациясы — Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору Садыкбек кызы Жайна жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Турдубаева — Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин илим жана технология боюнча министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилеринин 9-кеңешмесине катышты. Иш-чара Кытайда Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министри Инь Хэцзюн төрагалыгында өтүп жатат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Июнь 2025 ж. 18:32 848
Кыргыз Республикасынын делегациясы Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында өтүп жаткан илим, технология жана инновациялар боюнча «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагындагы экинчи министрлик жолугушууга катышууда. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору Садыкбек кызы Жайна жана министрликтин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Турдубаева бар.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Июнь 2025 ж. 17:39 773
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева өлкө аймактарына болгон иш сапарынын алкагында, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн санариптик билим берүү платформалары боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүүдө.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Июнь 2025 ж. 16:38 584
2025-жылдын 30-июнунда саат 9:00дө бардык билим берүү уюмдарында 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтер – негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшыруу иш-чарасы өткөрүлөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Июнь 2025 ж. 15:17 1464
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарындагы Н. Исанов атындагы жатак-мектепке барды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Июнь 2025 ж. 15:01 817
Кыргызстандын курамасы 2025-жылдын 28-майынан 6-июнуна чейин Өзбекстанда өткөн Абу Рейхан Беруний атындагы эл аралык химия олимпиадасында (ARBIChO – Abu Reyhan Beruniy International Chemistry Olympiad) ийгиликтүү чыгып, өлкөнүн атын эл аралык деңгээлде таанытты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Июнь 2025 ж. 11:05 737
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги өлкөнүн билим берүү системасын масштабдуу санариптик трансформациялоонун алгачкы жыйынтыктарын сунуштайт. Мектептик билим берүү деңгээлинде беш негизги автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүнүн аркасында министрлик педагогдорго жүктөлгөн бюрократиялык жүктү азайтууга жана билим берүүнү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга карай олуттуу кадамдарды жасоодо. Бул – Кыргызстандын билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртө турган масштабдуу трансформациянын башталышы гана.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Июнь 2025 ж. 18:28 1500
2025-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 кесиптик лицей “Кытай-Кыргыз Циньлин жаңы энергиялык транспорт каражаттары боюнча өнөрканасы” аттуу эл аралык билим берүү долбоору расмий башталганын жар салды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Июнь 2025 ж. 14:28 980
Франциянын Кыргызстандагы Элчилиги быйыл жайында Францияда өтө турган тилдик стажировкага конкурс жарыялайт! Стажировка 2025-жылдын 11–22-августунда Виши шаарындагы CAVILAM – Alliance Française борборунда өтөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Июнь 2025 ж. 12:27 494
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына бакалавриат (1+4 (тил такшалмасы+бакалавр), кесиптик билим (1+3 (тил такшалмасы+кесиптик билим)), магистратура, докторантура программалары боюнча сынакка катышууга документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 18-июнуна чейин узартылгандыгын билдирет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
10 Июнь 2025 ж. 17:31 1340