28-апрелде «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык илимий жана ойлоп табуучулук долбоорлор сынагы жыйынтыкталды. Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Украина, Россия, Өзбекстандан 185 жаш техниктер менен ойлоп табуучулар катышты. Калыстар тобу сунушталган эмгектерди карап чыгып, жеңүүчүлөрдү аныктады.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
30 Апрель 2022 ж. 15:52 2264
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруп, өткөрүү жөнүндөгү тиешелүү буйрукка кол койду.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
30 Апрель 2022 ж. 12:28 3234
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Улуттук инженердик-техникалык балдар академиясы Ысык-Көл районунун Бостери айылында «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун жаштар форумун өткөрүүдө. Форум 26-апрелде башталган.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
28 Апрель 2022 ж. 17:27 2233
26-апрелде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Wiley басмасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын илимий иштер боюнча проректорлору жана жогорку окуу жайлардын китепканаларынын жетекчилери катышышты.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
27 Апрель 2022 ж. 20:06 1791
2022-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Европа инвестициялык банкынын Борбордук Азияны насыялоо боюнча операцияларынын башкы кеңешчиси Адам Брун башында турган ЕИБнын өкүлдөрү менен жолугушту.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
27 Апрель 2022 ж. 17:44 1751
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №212 токтомуна ылайык беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы орто билим берүү уюмдары (мектептер), мектепке чейинки билим берүү уюмдары (бала бакчалар) жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн 2022-жылдын 1-майынан 10-майына чейин дем алыш күндөрү деп жарыяланды.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
27 Апрель 2022 ж. 12:52 1763
18-22-апрелде Алдыңкы тажрыйба борборлорунун окутуучулары И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин окуу борборунун базасында «Автомобилдик унааны техникалык тейлөө жана оңдоо», «Транспорттун түрү боюнча (суу транспортунан тышкары) транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо» жана «Тармактар боюнча электр жана электромеханикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө» дисциплиналары боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунда окушту.
Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
26 Апрель 2022 ж. 14:20 1167
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” (СӨПББСБ) долбоорунун колдоосу менен “Жаңы китеп” АМС окуу китептерин башкаруу маалыматтык системасын ишке киргизүү жана өлкөнүн мектеп китепканачыларына аны кантип колдонуу керектигин үйрөтүү боюнча масштабдуу иштерди аяктады.
Автор: "Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
25 Апрель 2022 ж. 17:43 2626
2022-жылдын 20-апрелинде Бишкекте жаш илимпоздордун, окутуучулардын жана илимий уюмдардын кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулар жогорку кеңешинин алгачкы жыйыны болду.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
20 Апрель 2022 ж. 21:56 2026
Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи толук реконструкциядан өтүп, жакын арада "Мейманкана ишкердиги жана туризм” адистиги боюнча окутуу үчүн өзүнүн окуу-өндүрүштүк комплексин ишке киргизет.
Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
20 Апрель 2022 ж. 14:38 1640
Балага чогуу кам көрүү жана аны кароо вазыйпасы ымыркай төрөлгөндөн баштап ата-энеге тең бөлүштүрүлүшү зарыл.
Автор: Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
20 Апрель 2022 ж. 11:50 4002
2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз билим берүү академиясында тарыхчы окумуштуулардын, окутуучулардын жана мугалимдердин кереге кеңеши болуп, анда мектепте тарыхты окутуу темасы боюнча олуттуу маселе каралып, омоктуу ойлор айтылды. Иш-чарада бүгүнкү күндө тарых предмети кандай болушу керек, кандай окуу китептери окутулушу керек, окуу-усулдук комплекс кандай даярдалышы керек, окуу процессинде мугалимдин орду кандай болушу керек деген суроолор боюнча кызуу талкуу жүрдү.
Автор: Кыргыз билим берүү академиясы
19 Апрель 2022 ж. 15:38 1272
15-апрелден 17-апрелге чейин Бишкек шаарында 2008-жылдагы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаевдин байгелери үчүн жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү.
Автор: Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
18 Апрель 2022 ж. 20:31 1853
2022-жылдагы Улуттук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча I орун 20 окуучуга, II орун – 25 окуучуга, III орун 30 окуучуга ыйгарылды.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
18 Апрель 2022 ж. 18:12 2914
Физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын республикалык этабы жыйынтыкталды. Республикалык этап ушул жылдын 14-15-апрелинде “Ала-Тоо” эл аралык университетинин жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында өттү. Ага жалпы 119 окуучу катышты
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
18 Апрель 2022 ж. 16:18 3338