АКШнын Нью-Йорк шаарында жайгашкан Колумбия университетинин бүтүрүүчүсү Алтынбек Исмаилов менен АКШнын Калифорния штатындагы Беркли шаарында жайгашкан Калифорния университетинин бүтүрүүчүсү Салия Асанова Anthropic компаниясы тарабынан уюштурулган AI Hack Challenge эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн катарына киришти. Баг-баунти программасынын алкагында катышуучулар Claude 3.5 Sonnet AI-моделинин коргоо механизмдерин кыйгап өтүүгө аракеттеништи, ал эми иштеп чыгуучулар системанын туруктуулугун тесттен өткөрүштү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Февраль 2025 ж. 18:47 2982
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Абазбек уулу Расулдун төрагалыгы астында кесиптик лицейлердин жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде кыска мөөнөттүү окутууларды уюштуруу, дуалдык окутуу системасын киргизүү маселелери талкууланды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Февраль 2025 ж. 17:54 4002
2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Февраль 2025 ж. 15:15 4013
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Февраль 2025 ж. 17:03 1352
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 17-февралынан тартып республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн онлайн тренингдерди өткөрүүдө.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Февраль 2025 ж. 11:44 3566
Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов соңку мезгилде кыргызстандык өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун күч алышына байланыштуу чукул кеңешме өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Февраль 2025 ж. 18:42 1042
2025-жылдын 7-9-февралында Румынияда IX Info (1) Cup эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 17 күчтүү өлкөсүнөн (Армения, Азербайджан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израил, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Англия, Өзбекстан) 2009-жылы же андан кийин төрөлгөн 184 окуучу катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Февраль 2025 ж. 18:01 1055
Бүгүн, 15-февралда, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, облустук усулдук борборлордун директорлору менен кеңешме өткөрдү. Анда өлкөнүн билим берүү тармагынын бүгүнкүсү менен эртеңкисине байланышкан орчундуу маселелердин тегерегинде кеңири сөз болду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Февраль 2025 ж. 16:04 3665
2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын катышуусунда аккредитациялоо маселелерин автоматташтыруу жана эл аралык аккредитациянын көйгөйлүү маселелери боюнча жыйын өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Февраль 2025 ж. 19:19 3450
Бүгүн, 14-февралда, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясынын отуруму болду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Февраль 2025 ж. 17:58 3378
Бүгүн, 14-февралда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Февраль 2025 ж. 17:07 763
Ага Хан фонду “Мектептер 2030” программасынын алкагында республика боюнча 70 мектепке STEM жабдууларын өткөрүп берди. Иш-чара бүгүн, 13-февралда, Бишкектеги профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Февраль 2025 ж. 16:42 1150
Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 368 Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 7-февралында № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Февраль 2025 ж. 13:33 797
Бүгүн, 12-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнɵлүк бийиктик” уңгужолу жɵнүндɵ” 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгын жүзɵгɵ ашырууга арналган “Уңгужол: учур жана келечек” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Февраль 2025 ж. 16:01 2849
Бүгүн, 11-февралда, билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Айымдардын жана кыздардын эл аралык күнүнө карата Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо уюштурулган иш-чарага катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Февраль 2025 ж. 21:22 804