Бүгүн, 27-октябрда “Эмгек резерви” республикалык дене тарбия жана спорт борборунда Башталгыч кесиптик окуу жайларынын арасында 65-республикалык спартакиада башталды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Октябрь 2022 ж. 14:53 1102
Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун үчүнчү айлампасын жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Октябрь 2022 ж. 11:47 4086
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу 25-октябрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2022-2023-окуу жылынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Октябрь 2022 ж. 11:11 1025
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Рысбеков 24-октябрдан 28-октябрга чейин Бенин Эл Республикасынын (Батыш Африка) Котону шаарында өтүп жаткан “Балдардын тамактануусу” Глобалдык форумуна катышууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Октябрь 2022 ж. 17:54 1071
Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов Кочкор, Ат-Башы, Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз райондорундагы жана Каракол шаарындагы мектептерге иш сапар менен барып келди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Октябрь 2022 ж. 15:10 904
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметтик компонентин киргизүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Диндердин өнүгүү тарыхы” курсу боюнча 7-8-класстардын окуучулары үчүн окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) иштеп чыгууга ачык сынак жарыяланат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Октябрь 2022 ж. 13:12 1488
2022-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги Лингва инновациялык билим берүү фонду менен биргеликте Англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” улуттук сынагын өткөрөт. Ага облустук сынакта жеңүүчү болгон 24 талапкер катышат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Октябрь 2022 ж. 18:25 851
Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 21-22 - октябрында Бишкек жана Ош шаарларынын, Баткен облусунун мамлекеттик жана муниципалдык, атайын жалпы билим берүү жатак-мектептеринин жетекчилеринин бош кызмат орундарына өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин бекитти.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Октябрь 2022 ж. 18:23 2879
Бүгүн, 25-октябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гулнур Мамырова башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына карата №97 темир жолчулар кесиптик лицейинде өткөн маарекелик иш-чарага катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Октябрь 2022 ж. 17:58 1105
Билим берүү жана илим министрлиги Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен Женева университети тарабынан Женевадагы БУУ менен кызматташтыкта сунушталган европа жана эл аралык менеджмент жөнүндө алдыңкы изилдөөлөр (MEIG программасы) боюнча магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө нота келип түшкөндүгүн маалымдайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Октябрь 2022 ж. 15:49 827
Бүгүн, 25-октябрда “Эмгек резерви” республикалык дене тарбия жана спорт борборунда кесиптик лицейлердин окуучуларын аскерге даярдоо боюнча 23-спартакиада өтүүдө. Ага №4, №5, №18, №20, №27, №97, №99, №100 ж.б. кесиптик лицейлери катышууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Октябрь 2022 ж. 15:15 729
2022-жылдын 21-октябрында “Математика боюнча республикалык олимпиадалар. Маселелер жана алардын чыгаруулары” китебинин авторлору өлкөнүн аймактарындагы мектептер үчүн Билим берүү жана илим министрлигине китептерди тапшырды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Октябрь 2022 ж. 12:14 3132
2022-жылдын 20-октябрында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов “Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров – анын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Октябрь 2022 ж. 17:35 836
Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу планына ылайык, күзгү каникул 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрына чейин 7 календардык күндү түзөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Октябрь 2022 ж. 12:38 2378
19-октябрда К.Дарданов атындагы №3 мектеп-гимназиясында жана Кара-Буура районундагы Ж.Субанбеков атындагы инновациялык мектепте, 18-октябрда Талас облусунун Манас районундагы “Улукман” лицейинде жана Бакай-Ата районундагы У. Акынбеков орто мектебинде “Жаңы китеп” автоматташтырылган маалымат системасы менен иштөө боюнча тренингдер өткөрүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Октябрь 2022 ж. 11:33 737