БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: 50% ТЕОРИЯ, 50% ПРАКТИКА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Ноябрь 2022 ж. 17:44

Көрүлдү: 2848

Бүгүн, 18-ноябрда Башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаранын алкагында “Кыргызстандагы башталгыч кесиптик жана орто кесиптик билим берүү системасы: жаңы чакырыктар, жаңы горизонттор” аталышында улуттук конференция өттү.

post.title

“Кесиптик лицейлерге дуалдык окутуу системасын киргизип жатабыз. Анткени 50% теория, 50% практика болушу керек. Эмгек рыногуна эрте чыгууну тездетүү үчүн 9дун базасында келип жаткан студенттердин окуу мөөнөтүн 3 жылдан 2 жылга кыскартууга жетиштик. Андан сырткары кесиптик лицейлерге финансылык эркиндикти берүү. Бул боюнча мыйзам Жогорку Кеңештин кароосуна кирүү алдында турат”, - деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу.

Иш-чаранын жүрүшүндө кесиптик билим берүүнүн ишмердүүлүгү талкууланып, билим берүү мекемелеринин деңгээлинде мындан аркы аракеттер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн пленардык сессиялар болду.

Пленардык сессиялар “Билим берүү траекториясы: жаңы колдонмолор жана ыкмалар”,  “Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн финансылык туруктуулукка жетишүү механизмдери” жана “Кесиптик билим берүү системасын санариптештирүү жана билим берүү уюмдарын башкаруу темаларын камтыды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар