ББИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭЛ АРАЛЫК САММИТКЕ КАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Ноябрь 2022 ж. 12:13

Көрүлдү: 2652

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Индиянын борбору Нью-Дели шаарында өтүп жаткан 17th FICCI Higher Education саммитине катышууда.

post.title

Иш-чара 17синен 19-ноябрга чейин созулуп, ага Министрликтин Жогорку кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Сусаркуль Алынбекова, Эл аралык мамилелер жана өнөктөштөр менен иш алып баруу бөлүмүнүн башкы адиси Таалайбек Курманалиев жана Басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков катышууда.

Саммитте замандын талабына ылайык, тынымсыз өнүгүп жаткан ааламдашуу заманындагы жогорку окуу жайлардын ээлеген орду, кесиптердин актуалдуулугу жана жогорку кесиптик билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсү талкууланууда.

 

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген Билим берүү тармагынын башын бириктирген саамалыктын биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү 15тин тегерегинде чет элдик жогорку окуу жайы менен жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты бекемдөө, алмашуу программаларын актуалдаштыруу жана бюджеттик орундардын санын көбөйтүү аркылуу студент жана факультеттерди алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Алдыдагы күндөрдө дагы 30дан ашуун жогорку окуу жай менен B-2-B форматындагы жолугушууларды өткөрүп, кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашары күтүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар