Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде Иманалиев Каныбек Капашович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
6 Март 2023 ж. 11:13 2058
Бакалавриат программасы жана бир деңгээлдүү магистрдик программанын талапкерлери үчүн баалоо жетишкендиктеринин орточо көрсөткүчү (аттестатындагы/транскриптиндеги баалар) жана англис тилин билүү деңгээлинин(TOEFL/IELTS) негизинде жүргүзүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Март 2023 ж. 23:30 3066
2023-жылдын 3- мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен Ички иштер министрлигинин 2022-2023-окуу жылына республиканын жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын жана балдар арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча биргелешкен буйругу чыкты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Март 2023 ж. 16:55 2084
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз-Швед математика мектеби (KSMS) менен биргеликте 6-11 класстардын окуучулары арасында Республикалык математикалык олимпиада өткөрөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Март 2023 ж. 11:48 6599
2023-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын кесиптик орто окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүүгө талапкер уюмдарды тандап баштайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Март 2023 ж. 16:22 830
Билим берүү жана илим министрлиги 3-мартта жалпы республикалык тестти өткөрүү үчүн кызматты тандоо боюнча конкурстун жыйынтыктары жөнүндө маалымат жыйын уюштурду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Март 2023 ж. 12:53 5138
Талас, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси бекиди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Март 2023 ж. 11:56 1910
2-мартта Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кесиптик лицейлеринин 50дөн ашуун кызматкерлери “Санариптик сабаттуулук” семинарына катышкандыгы тууралуу сертификаттарын алышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
2 Март 2023 ж. 18:02 817
2023-жылдын 2-мартында Билим берүү жана илим министрлиги “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер менен жолугушуу уюштурду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
2 Март 2023 ж. 17:18 1409
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мектеп директорлору жана мугалимдердин ишмердүүлүгү, мектепке наам берүү, билим берүүнүн сапаты, ата-энелер менен иш алып баруу, мектептерди куруу ж.б. маселелер боюнча кайрылган жарандарды кабыл алууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
2 Март 2023 ж. 14:59 1099
Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 785/1 буйругу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана Чүй, Ош облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси бекитилди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
2 Март 2023 ж. 13:13 1777
Билим берүү жана илим министрилиги Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2023-жылдын 1-мартында Сузак районунун Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплексинин окуучулары ортосунда сабак бүткөндөн кийин болгон окуя боюнча учурда Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
2 Март 2023 ж. 11:10 1107
2023-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Иманалиев Каныбек Капашовичтин Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна талапкерлигин жактырышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
1 Март 2023 ж. 17:38 1400
1-марттан 4-мартка чейин табият таануу илимдеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча машыктыруучулар тобун даярдоо үчүн “Табият таануу илимдеринин негиздери: “жашыл көндүмдөрдү” жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту калыптандыруу” семинары өтүүдө.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
1 Март 2023 ж. 17:19 940
Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевдин билим берүү тармагындагы ар кандай маселелер менен келген жарандарды министрликтин жетекчилиги тарабынан жеке кабыл алууну уюштуруу максатында буйругу чыкты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
28 Февраль 2023 ж. 16:40 1942