Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
КОЛЛЕДЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ ИШКЕРДИКТИ ОКУТУУНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Көрүлдү: 425

19-сентябрдан 21-сентябрга чейин колледждердин окутуучулары үчүн «Ишкердик жана ишкердик көндүмдөр» курсун окутуу боюнча семинар өткөрүлдү.

post.title

Алдыңкы тажрыйба борборлорунун окутуучулары “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” АӨБ долбоорунун алкагында 2019-жылдын июлунан 2021-жылдын май айына чейин этап түрүндө 3 тренингде “Ишкердик” курсун өздөштүрүшкөн. Курстун материалдары сын-пикирлердин негизинде такталып, “Ишкердик жана ишкердик көндүмдөр” окутуу модулунун негизи болуп калды. Курс билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларын даярдоо үчүн сунушталган.

Семинардын тренерлери Г. Токушева жана Г. Шакиева баяндама, иш оюндары, топтук тапшырмалар, талкуулар аркылуу заманбап дидактикалык ыкмаларды, студенттердин ишкердик жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган окутуунун методологиясын тартуулашты. Бул семинар “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” АӨБ долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар