Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ОКУТУУНУН КРЕДИТ СИСТЕМАСЫН КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН ТРЕНЕРЛЕР ДАЯРДАЛУУДА

Көрүлдү: 522

2022-жылдын 19-сентябрынан 23-сентябрына чейин башталгыч кесиптик билим берүүнүн уюмдарында окутуунун кредит системасын киргизүү боюнча тренерлер даярдалууда.

post.title

Орто жана жогорку кесиптик билим берүү системасында окутуунун кредит системасы колдонулат, ал башталгыч кесиптик билим берүүдө болбогон. Башталгыч кесиптик билим берүүдө кредит системасын киргизүү үчүн шарттар пайда болду, атап айтканда:
- кесиптик билим берүүнүн жана окутуунун эл аралык мейкиндигине жуурулушуунун зарылдыгы;
- эл аралык эмгек рыногунда улуттук жумушчу күчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана ыкчамдыгын жогорулатуу;
- натыйжаларды таануу зарылдыгы;
- өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгү;
- тике жана/же түз ыкчамдуулук менен жеке окуу жолун түзүү;
- 2019-жылы Улуттук квалификация алкактарын киргизүү;
- 2021-жылы кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу методикасын бекитүү.
Кредиттик системаны киргизүү боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине өзгөртүүлөр киргизилди.

“Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” АӨБ долбоорунун алкагында башталгыч кесиптик билим берүүнүн 10 кесиби жана орто кесиптик билим берүүнүн 16 адистиги үчүн кесиптик стандарттар иштелип чыгып, Улуттук квалификация алкактары жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын эске алуу менен алардын негизинде билим берүү программалары, Европа өлкөлөрүндө жогорку окуу жайларында (ECTS) жана кесиптик билимге (ECVET) жана Кыргызстандын кредит системасын киргизүү тажрыйбасына негизделген башталгыч кесиптик билим берүү үчүн окутуунун кредит системасы боюнча нускама түзүлгөн.

Окутуунун кредит системасы кесиптик билим берүүнүн жана окутуунун колдонулуп жаткан системасын алмаштырбайт, башталгыч кесиптик билим берүүнүн деңгээлинин квалификацияларын Улуттук квалификациялык алкактын башка баскычтары менен салыштыруу жана карама-каршы коюу, ар кандай окутуунун формаларынын натыйжаларын таануу жол-жоболорун толуктайт жана жөнөкөйлөтөт, ошондой эле эл аралык эмгек рыногуна жана кесиптик билим берүүнүн эл аралык мейкиндигине жуурулушууну жөнөкөйлөтөт.

"Кесиптик башталгыч билим берүү үчүн окутуунун кредит системасы" темасындагы практикалык тренинг башталгыч кесиптик билим берүүнүн деңгээлинен орто кесиптик билим берүүгө өтүү траекториясын мурунку даярдоонун натыйжаларын таануу жана Улуттук квалификациялар алкактарды эске алуу менен түзүү үчүн жүргүзүлөт. Тренинг “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” АӨБ долбоорунун алкагында уюштурулган.

Жыйынтыгында кесиптик лицейлердин окутуучуларынан жана өндүрүштүк окуу мастерлеринен, билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордун кызматкерлеринен 24 тренер даярдалат. Тренингден кийин алар окутуунун кредит системасынын документтерин иштеп чыгууда, окутуунун натыйжалары боюнча квалификацияларды сыпаттоодо, окуу программаларын жана материалдарын даярдоодо кредит системаны колдоно алышат деп күтүлүүдө. Андан соң тренерлер кесиптик лицейлердин кызматкерлерин окутат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар