Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА «БИЛИМ БЕРУУ», «МЕДИЦИНА», «ЭКОНОМИКА ЖАНА ФИНАНСЫ» АДИСТИКТЕРИ БОЮНЧА ЭҢ КӨП ОКУУЧУЛАР КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Көрүлдү: 423

«Абитуриент Онлайн» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун статистикасына ылайык, кесиптик орто окуу жайларга эң көп окуучулар «билим берүү», «медицина», «экономика жана финансы» адистиктери боюнча кабыл алынды.

post.title

Гранттык негизде көбүнчө орто кесиптик билим берүү уюмдарында «медицина» багыты боюнча – 1309 адам,
«билим берүү» – 817,
«маданият жана искусство» – 212,
контракттык негизде: «билим берүү» багыты боюнча 12068,
«экономика жана финансы» - 5408,
«маалыматтык технологиялар» — 4897 адам кабыл алынды.

Окуусунда эң жогорку балл алган абитуриенттер гуманитардык адистиктерди тандашкан.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 344 «2022-2023-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмегин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө» Токтомуна ылайк 4181 бюджеттик орун бекитилген. Бюджеттик орундардын көбү «медициналык айым иши» адистигине – 525, «башталгыч класстарда окутуу» – 510 жана «дарылоо иши» жана «акушердик иш» адистигине 275 орун бөлүнгөн.

Шилтеме:

https://2020.edu.gov.kg/spuz/statistics

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/159309

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар