Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
2022-2023 ОКУУ ЖЫЛЫНА КОЛЛЕДЖДЕРГЕ ОКУУГА ТАПШЫРУУ

Көрүлдү: 393

Абитуриенттер колледждерге окууга тапшыруу үчүн https://2020.edu.gov.kg/ сайты аркылуу каттоодон өтүүсү керек.

post.title

«Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасында интернет аркылуу эле окуу жайды жана адистикти тандоого болот.

Конкурска катышуу үчүн абитуриент төмөнкү документтерди электрондук түрдө тиркөө менен https://2020.edu.gov.kg/spuz/ сайты аркылуу өтүнмө бериши керек:

- паспорт же инсандыгын күбөлөндөрүүчү башка документти;

- жалпы орто билими жөнүндөгү аттестатты (11-класс), негизги орто билими жөнүндөгү күбөлүктү (9-класс) жана алардын тиркемелерин;

- тапшыруудагы өзгөчө укуктарды же жеңилдиктерди тастыктоочу документтерди (тоголок жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү).

Абитуриенттерди кабыл алуу 3 тур менен жүргүзүлөт.

Ар бир турда абитуриент бюджеттик орунга конкурска катышуу үчүн 1 өтүнмө берүүгө жана контракттык негизде окуу үчүн конкурска катышууга 1 өтүнмө берүүгө укугу бар.

Ар бир турга каттоо мөөнөттөрү https://2020.edu.gov.kg/ сайтында жарыяланат.

Абитуриенттерди бюджеттик да, келишимдик негизде да окууга кабыл алуу үчүн конкурс орто билими жөнүндө аттестаттын (11-класс) же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн (9-класс) (мындан ары – билими жөнүндө документ) орточо баасынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн бир профилдик предметтин баасы боюнча, ошондой эле, эгерде тестирлөө өткөрүлө турган болсо анын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

Медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт жаатындагы адистиктер боюнча конкурс колледж тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн кирүү сынактарын тапшырууда абитуриент алган баллдардын суммасы жана билими жөнүндөгү документтин жана профилдик предметтин баасы боюнча жүргүзүлөт.

Эгерде бир орунга аттестаттын же күбөлүктүн орточо баасы бирдей болгон абитуриенттер талапкер болуп калса, анда колледждин кабыл алуу комиссиясы алар үчүн салттуу режимде кошумча кирүү сынактарын өткөрүүгө укуктуу.

Кабыл алууга сунушталгандан кийин 2 күндүн ичинде абитуриент келишимге кол коюу аркылуу аталган колледжде окуусу тургандыгын тастыктоого тийиш. Анын формасы автоматташтырылган маалыматтык системада жайгаштырылган. Келишимдик негизде окуу үчүн сунушталган абитуриенттер 2 күндүн ичинде окуу үчүн жылдык төлөмдүн 50% кем эмес бөлүгүн төлөөгө тийиш.

Эгерде кабыл алууга сунушталган абитуриент 2 күндүн ичинде аталган колледжде окууну каалоосун тастыктабаса жана документтеринин түп нускаларын окуу жайга бербесе, анда анын орду автоматтык түрдө бош болуп саналат жана ал орунга кийинки турда конкурс жарыяланат.

Ийгилик каалайбыз!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар