Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
АЙМАКТАРДА АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕРДИН ЖАНА КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛДАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 938

3-11-июнда Балыкчы, Нарын, Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында 2022-2023 окуу жылына карата колледж менен лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүн колдоо максатында фестивалдар өткөрүлдү.

post.title

Иш-чаралардын максаты артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптер тууралуу маалыматтарды жайылтуу жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу болуп саналат.

Аймактарда фестивалдарды:
- Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи,
- М. Т. Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи,
- К. Скрябин атындагы КУАУ Токмок шаарындагы Агро-өнөржай колледжи,
- Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи,

- С. Нааматов атындагы НМУ Агро-экономикалык колледжи,
- Б. Осмонов атындагы ЖАГУнун Жалал-Абад колледжи,
- Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен инновациялар жана экономика колледжи,
- ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин Алдыңкы тажрыйба борборлору уюштурушту.

Республиканын аймактарында колледж жана лицейлердин адистиктеринин жарманкеси, сынактар өткөрүлүп, мода кийимдери көргөзүлүп, иш берүүчүлөргө насаат-кеңеш сөзүн айтууга микрофо сунулуп, колледждердин чыгармачыл жамааттарынын жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы  тартууланды.

Фестивалдар Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик техникалык билим берүүнү жана окутууну башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуунун сапатын жана окутуунун шарттарын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча компоненттерди камтыйт.

Иш-чаралар учурунда тартылган сүрөттөрдү интернетте көрүүгө мүмкүн:
Балыкчы шаарында 3-июньда - https://toktonaliev.com.kg/disk/balykchy
Нарын - 4-июнь https://toktonaliev.com.kg/disk/naryn
Токмок - 6-июнь https://toktonaliev.com.kg/disk/tokmok
Карабалта - 7-июнь https://toktonaliev.com.kg/disk/kara-balta
Жалал-Абад - 8-июнь https://toktonaliev.com.kg/disk/zhalal-abad
Кызыл-Кыя - 10-июнь https://toktonaliev.com.kg/disk/kyzyl-kyya
Ош - 11-июнь https://toktonaliev.com.kg/disk/osh

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар