Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Окууга кайсы жакка тапшырган жакшы экендигин КТРК каналындагы кесиптик багыт берүүчү берүүлөрдөн билүүгө болот

Көрүлдү: 0

15-июльдан тартып абитуриенттер үчүн өлкөнүн башкы каналы – КТРКда кесиптик багыт берүүчү берүүлөрдү трансляциялоо башталды.

post.title

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында перспективалуу адистикти кантип тандоо керек экендиги тууралуу айтып берүүчү 10 кесиптик багыт берүүчү берүү даярдалган.

Ар бир берүү эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон адистиктер боюнча окутуучу алдыңкы областтык колледжге арналган.  Көрүүчүлөр эмне үчүн ушул адистик областтык эмгек рыногунда талап болгондугун, келечекте кайда жана ким болуш иштөөгө болоорун, эмне үчүн бул адистиктер перспективалуу экендигин билишет.

Берүүлөрдүн биринде жалпысынан бүгүнкү күндө орто кесиптик билим берүү секторунда эмнелер болуп жаткандыгы тууралуу, өлкөнүн колледждерин кандай реформалар күтүп жаткандыгы жөнүндө айтылат.

Ошондой эле көрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын 8 алдыңкы колледжинде жаңы окуу жылынан баштап ээ болуу мүмкүн болгон IT-технологиялар чөйрөсүндөгү жаңы адистик жөнүндө маалымат ала алышат:

1.  Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи, Бишкек ш.;

2.  ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи, Жалал-Абад ш.;

3.  Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновациялар жана экономика колледжи, Кызыл-Кыя ш.;

4.  К.Скрябин атындагы КУАУнун Токмок агроэкономикалык колледжи, Токмок ш.;

5.  С.Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледжи, Нарын ш.;

6.  Кара-Балта техникалык-экономикалык колледж, Кара-Балта ш.;

7.  Индустриалдык-педагогикалык колледж, Балыкчы ш.;

8.  ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи, Ош ш.

 

КР БИМде акыркы убакта өлкөдө орто кесиптик билим берүүгө кызыгуунун өсүүсүн белгилешүүдө, ал 2-3 жылдын ичинде 9 же 11-класстын базасында көрсөтүлүүчү 130 адистиктин ичинен каалаганга ээ болууга жана ишке орношууга мүмкүндүк берет. Кошумча артчыкчылык болуп негизги кесиптен тышкары чектеш кесиптерге да окуу мүмкүнчүлүгү саналат.

Бардык берүүлөр КР БИМдин сайтында http://pto.kg/?lang=kg/ сайтында жеткиликтүү болот

  Дата

15.07.2021

Дата

23.07.2021

Убакыт

17:45

19.55

Убакыт

17:45

21:45

Дата

 16.07.2021

Дата

26.07.2021

Убакыт

16:50

17:45

Убакыт

16:45

19:35

Дата

 19.07.2021

Дата

27.07.2021

Убакыт

17:45

21:45

Убакыт

16:45

19:45

Дата

 21.07.2021

Дата

28.07.2021

Убакыт

19:39

21:45

Убакыт

16:50

21:45

Дата

22.07.2021

Дата

29.07.2021

Убакыт

17:45

21:45

Убакыт

17:25

21:45

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар