Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
ТӨРТ КОЛЛЕДЖДИН ОКУУ-ӨНДҮРҮШТҮК КОМПЛЕКСТЕРИ АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 552

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен төрт окуу-өндүрүштүк комплексин ачты.

post.title

Окуу-өндүрүштүк комплексинин негизги максаты – бул студенттерди жумуш ордунда окутуу үчүн шарттарды түзүү. Мындан улам колледж бүтүрүүчүлөрүнө практикалык көндүмдөргө ээ болуп, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга өбөлгө түзүлөт. 

Мисалы, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде студенттер унаа оңдоочу жайда иштеп, ветеринария боюнча көндүмдөрдүн өздөштүрө алат.

Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык колледжинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тигүү буюмдарын моделдөө жана даярдоо боюнча иш алып барат.

Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык техникумунда - мейманкана жана туристтик комплексте иш ыкмаларын практика жүзүндө үйрөнүп, ОшМУнун Индустриалдык педагогикалык колледжине - тигүү жана моделдөөгө боюнча жумуштарды жасайт.

Окуу-өндүрүштүк комплекстер мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөн жана алар окуу-өндүрүштүк комплекстер үчүн иштелип чыккан. Ошондой эле билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген типтүү Жобонун жана Уставдын негизинде иштешет.

Окуу-өндүрүштүк комплекстер толук түрдө өзүн-өзү камсыздап, киреше алып келүүчү ишмердүүлүк жүргүзүшөт. Бул окуу-өндүрүштүк комплексти камсыздоо жана иштетүү учурундагы чыгымдарды каржылап, колледждин билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жардам берет.

Жакынкы арада дагы 4 колледжде окуу-өндүрүштүк комплекс ачылат:

- Кара-Балта техникалык-экономикалык колледж;

- С. Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледж;

- К. Скрябин атындагы КУАУнун Токмок колледж;

- Бишкек архитектура жана курулуштагы башкаруу колледжи.

Окуу-өндүрүштүк комплекстер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында ачылып жатат.

Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик билим берүүнү жана окутууну башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуу жана тарбиялоонун шарттарын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн компоненттерин камтыйт.

  

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар