Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Алдыңкы тажрыйба борборлорунун окутуучулары техникалык дисциплиналар боюнча квалификациясын жогорулатышууда

Көрүлдү: 757

18-22-апрелде Алдыңкы тажрыйба борборлорунун окутуучулары И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин окуу борборунун базасында «Автомобилдик унааны техникалык тейлөө жана оңдоо», «Транспорттун түрү боюнча (суу транспортунан тышкары) транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо» жана «Тармактар боюнча электр жана электромеханикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө» дисциплиналары боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунда окушту.

post.title

Катышуучулар материалды жеткиликтүү берген окутуучулардын кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн, заманбап шаймандар менен жабдылган И. Раззаков атындагы КМТУнун окуу борборунда өткөрүлгөн курс пайдалуу жана натыйжалуу болгондугун белгилешти.

Колледждин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууну улантуу июнь айынын башына пландалган. Жыйынтыктоочу катары расмий сынак өткөрүлүп, аны ийгиликтүү тапшырган катышуучулар сертификат алышат. Бул сертификаттар кийин аларга тренер катары ушул дисциплиналар боюнча колледждердин жана лицейлердин башка мугалимдерин даярдоого негиз болот.

К. Скрябин атындагы Токмок колледжинин, Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык колледжинин жана Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин окутуучулары да квалификациясын жогорулатышты.

Пилоттук колледждердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү кесиптик адистиктеги мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн базалык окуу борборлорун издөөнү жана тандоону уюштурган. Жыйынтыгында ЖОЖдордун төрт окуу борбору тандалып алынган. Алар:
1. И. Раззаков атындагы КМТУ — техникалык адистиктер боюнча,
2. К. Скрябин атындагы КУАУ — ветеринария жана айыл чарба адистиктери боюнча,
3. Н. Исанов атындагы КМКТАУ — курулуш адистиктери боюнча,
4. И. Арабаев атындагы КМУ — педагогикалык адистиктер боюнча.

“Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик-техникалык билим берүүнү жана окутууну башкарууну жана каржылоону күбаттоого, окутуунун жана окуу шарттарынын сапатын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча компоненттерди камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар