Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи мейманканасын ишке киргизет

Көрүлдү: 1159

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи толук реконструкциядан өтүп, жакын арада "Мейманкана ишкердиги жана туризм” адистиги боюнча окутуу үчүн өзүнүн окуу-өндүрүштүк комплексин ишке киргизет.

post.title

Окуу-өндүрүштүк комплекс 6 заманбап жана жабдылган конок бөлмөдөн турат.

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи мейманкананын жабдылоо менен жаңы окуу жана кеңсе шаймандарына ээ болду. Студенттик ашкана тамак даярдоочу шаймандар менен толук жабдылган, колледждин жыйындар залы интерактивдүү панель жана конференц-байланыш системасы менен жабдылган.

Окуу-өндүрүштүк комплекс студенттерди жумуш ордунда окутууга мүмкүнчүлүк түзөт. Колледждин студенттерин даярдоонун алкагында окуу-өндүрүштүк иш-аракеттерди калыбына келтирүү алардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле алардын алган билимин практика жүзүндө бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

«Жалпысынан Кыргызстан боюнча биз Алдыңкы тажрыйба борборлору болуп калган 8 колледжди реконструкциялап, заманбап шаймандар менен жабдып жатабыз. Алардын ар биринин базасында окуу-өндүрүштүк комплекс иштей баштайт. Мисалы, Балыкчыда комплекс «Туристтик комплекстерди уюштуруу жана тейлөө» программасы боюнча түзүлгөн. Реконструкциялоодон тышкары биз жан башына каржылоо системасын киргизүүгө, студенттерди ишкердикке үйрөтүүгө жана окутуучулардын потенциалын жогорулатууга чоң көңүл буруп жатабыз», - дейт долбоордун жетекчиси Нурлан Атаканов.

Колледжди реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор кесиптик-техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик-техникалык билим берүүнү башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуунун жана тарбиялоонун шарттарынын сапатын жогорулатуу, компетенттүүлүккө негизделген окутууну киргизүү, өндүрүш менен кызматташууга жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу компоненттерин камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар