Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Коомдук талкууга адистиктердин тизмегин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө токтомдун долбоору чыгарылды

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сайтына коомдук талкууга "2022-2023-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмегин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору жарыяланды.

post.title

Токтомдун долбоору кесиптик орто окуу жайлар тарабынан келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жана жумуш берүүчүлөр менен колледждер тарабынан түзүлгөн келишимдердин негизинде иштелип чыкты.

Азыркы учурда республикада 153 кесиптик орто окуу жайлары бар, алардын ичинен 48 мамлекеттик кесиптик орто окуу жайы республикалык бюджеттен каржыланат.

2022-2023-окуу жылына кесиптик орто окуу жайлары үчүн республикалык боюджеттен жалпы 4131 орун, анын ичинен КР Билим берүү жана илим министрлигине - 2309; КР Саламаттык сактоо министрлигине - 1335; КР  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине - 427; КР Транспорт жана коммуникация министрлигине - 60 орун каралды.

Эң көп бюджеттик орундарды төмөнкү адистиктерге бөлүү пландалууда:

  1. Медициналык айым иши - 525.
  2. Башталгыч класстарда окутуу - 520.
  3. Дарылоо иши - 275.
  4. Акушердик иши - 275.
  5. Лабораториялык диагностика - 150.
  6. Мектепке чейинки билим берүү - 143.
  7. Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) - 120.
  8. Ветеринария - 90.
  9. Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо - 85.
  10. Дене тарбия - 84.

 

Шилтемелер:

1. КР Министрлер кабинетинин сайты - https://www.gov.kg/ky/npa/s/3751

2. ЧУА долбоору - https://www.gov.kg/files/news/froala/07b07567b276d70ac1ce88c8a46b5232cadeff85.rar

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар