Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Колледждердин директорлору жана карьера борборлорунун жетекчилери маркетингдин негиздерин өздөштүрүштү

Көрүлдү: 814

8 пилоттук колледждин директорлору жана кызматкерлери кабыл алуу учурунда заманбап маркетинг ыкмаларын колдонуу боюнча окутууга катышышты. Окутуу "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында өттү.

post.title

Эки күндүн ичинде иш-чаранын катышуучулары уюлдук телефонго видео тартуу жана монтаж жасоо, "сатуучу текстти"  жазуу, постерди жасалгалоо, веб-баракчаларды түзүү жана социалдык тармактар менен иш алып баруу көндүмдөрүн өздөштүрүштү. Болочок студенттердин маалыматтык муктаждыктарын талдоого көбүрөөк көңүл бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында колледждердин өкүлдөрү 2022-2023-окуу жылына кабыл алуу өнөктүгүнүн алкагындагы иш-чаралардын жалпы планын түзүштү. Маалыматтык өнөктүктө жаңы окуу программаларына, ишкердикке үйрөтүү, жумуш ордунда окутууга басым жасалат.

Айрыкча баса белгилеп кетчү нерсе - бардык пилоттук колледждерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген студнттер үчүн керектүү шарттары, түзмөк бөлүктөрү бар.

Долбоорго киргизилген пилоттук колледждердин тизмеси:
- Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжи,
- К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Токмок колледжи,
- С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агроэкономикалык колледжи,
- Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжи,
- Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык колледжи,
- Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи,
- Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи,
- Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи.

"Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоору Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жатат. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик техникалык билим берүүнү жана окутууну башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуунун сапатын жана окутуунун шарттарын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча компоненттерди камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар