Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Республиканын 8 колледжи майып студенттер үчүн жеткиликтүү болот

Көрүлдү: 0

Азыркы учурда өлкөнүн сегиз колледжинде Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

post.title

Республиканын 8 колледжинин базасында түзүлгөн Алдыңкы тажрыйба борборлорунун имараттарындагы жана курулмаларындагы окуу класстарын, устаканаларды, лабораторияларды жана окутуучулар үчүн жайларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Санитардык түйүндөрдүн, эс алуу жайларынын, ашканалардын, жатаканалардын заманбап инфраструктурасы түзүлүүдө.

Өзгөчө көңүл ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген студенттер үчүн шарттарды түзүүгө бөлүнүүдө. Бул атайын көтөрүлүүчү каражаттар, ажатканалар, жашоо үчүн бөлмөлөр.

Алсак, Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде окуу-өндүрүштүк комплексти реконструкциялоо, спорт залын жана ашкананы оңдоо иштери жүрүп жатат. 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде окуу корпусун жана жатканасын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжде жана Балыкчы шаарындагы Индустриалдык-педагогикалык колледжде окуу корпустарын оңдоо иштери башталды.

Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-экономикалык колледжинде окуу-өндүрүштүк комплексин реконструкциялоо иши жүрүп жатат, ал студенттерге жумуш ордунда билим алууга, реалдуу практикалык көндүмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берет. Окуу-өндүрүштүк комплексти реконструкциялоо Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде да жүргүзүлүүдө.

К.Скрябина атындагы Кыргыз улуттук агроэкономикалык университетинин Токмок колледжинин окуучуларын жаңы окуу корпусу жана окуу-өндүрүштүк комплекс күтүүдө. 

Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновациялар жана экономика колледжинде окуу-өндүрүштүк комплексти жана окуу корпусун оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, анда ашкана жана жатакана болот.

Курулуш иштери аяктагандан кийин окуу-өндүрүштүк комплекстер ар бир область үчүн артыкчылыктуу болгон адистиктер боюнча заманбап жабдуулар менен жабдылат.

Аткарылып жаткан иштердин жалпы суммасы 210 348 720,29 сомду түзөт.

Долбоордун алкагында бул колледждер компьютер жана кеңсе жабдуулары, ошондой эле жатаканалар үчүн тиричилик техникасы менен жабдылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар