Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 19% «Коомдук тамактануу» багыты боюнча билим алышты

Көрүлдү: 631

2021-жылы кесиптик лицейлер 19620 бүтүрүүчүнү даярдашты.

post.title

3796 бүтүрүүчү окууну «Коомдук тамактануу” багыты боюнча аяктады, 3741 – «Жер транспорту», 3082 – «Тигүү өндүрүшү», 2424 – «Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы», 1811 – «Металл жана башка материалдарды механикалык иштетүү», 986 - «Курулуш, монтаждоо жана оңдоо-курулуш иштери», 961 - «Тейлөө чөйрөсү», 692 - экономиканын бардык тармактары үчүн жалпы кесиптер боюнча, 589 - «Маалыматтык-байланыш технологиялары», 434 - «Электрчордон, электр жана байланыш тармактарынын жабдууларын иштетүү жана оңдоо», 216 - «Көркөм, зер, кол өнөрчүлүк өндүрүшү», 144 - «Жыгач иштетүү өнөр жайы», 130 - «Темир жол транспорту», 116 - «Тоо-кен өнөр жайы», 110 -эксперименталдык, 94 - «Полиграфия өндүрүшү», 68 – «Тамак-аш өнүмдөрүн өндүрүү», 65 – «Жол курулуш машиналарын иштетүү, тейлөө жана оңдоо», 58 – байланыш кесиптери. Эң аз «Бут кийим өндүрүшү» багыты боюнча – 21 киши, «Слесардык жана слесардык-монтаждоо жумуштары» - 35, «Туризм» - 36 бүтүрүүчү аяктады. Кесиптик лицейлердин кыска мөөнөттүү курстарында 11 бүтүрүүчү билим алган.

Кыздар арасында 2799 бүтүрүүчү «Тигүү өндүрүшү», 2095 – «Коомдук тамактануу», 580 – «Жер транспорту» багыттары боюнча окуусун аяктаган. Эркектер арасында 3161 бүтүрүүчү «Жер транспорту», 1969 - «Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы», 1775 - «Металл жана башка материалдарды механикалык иштетүү» адистиктери боюнча окуусун аяктады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар