Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Колледждер быйылкы жылы абитуриенттерди кантип кабыл алат

Көрүлдү: 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2021-2022-окуу жылына Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди аралыктан кабыл алуунун нускамасы бекитилген. Документ кабыл алуу жана орточо бааны эсептөө процедурасын жөнгө салат.

post.title

Абитуриенттерди бюджеттик да, ошондой эле контракттык негизде да окууга кабыл алуу үчүн конкурс орто билими жөнүндө аттестаттын (11-класс) же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн (9-класс) (мындан ары – Билими жөнүндө документ) орточо баасынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн бир профилдик предметтин орточо баасы боюнча, ошондой эле онлайн тестирлөө өткөрүлгөн учурда анын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

Медициналык адистиктер боюнча конкурс окож тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн кирүү сынактарын тапшырууда абитуриент алган баллдардын суммасы жана Билими жөнүндө документтин жана профилдик предметтердин орточо баалары боюнча жүргүзүлөт.

Билими жөнүндө документтин орточо баасын эсептөө үчүн тиркемедеги баалар өз ара суммаланат жана алынган сумма бардык предметтердин жалпы санына бөлүнөт, бул суммага профилдик предмет боюнча баа кошулат.

Жалпы баллды аныктоо үчүн Билими жөнүндө документтин орточо баасы жана ушул Нускамага 1-тиркемеге ылайык профилдик предметтер боюнча орточо баа суммаланат. Медициналык колледждерде жалпы баллды аныктоо үчүн Билими жөнүндө документтин орточо баасы, профилдик предметтердин орточо баасы жана кирүү сынактарынын жыйынтыктары суммаланат. Тиешелүү түрдө жалпы балл канчалык жогору болсо, кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин ранжирленген тизмесинде абитуриенттин рейтинги ошончолук жогору болот.

Эгерде бир орунга аттестаттын же күбөлүктүн орточо баасы бирдей болгон абитуриенттер талапкер болсо, окождун кабыл алуу комиссиясы алар үчүн аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде кошумча кирүү сынактарын өткөрүүгө укуктуу.

Абитуриенттердин ранжирленген тизмеси автоматташтырылган маалыматтык системада онлайн режиминде жаңыланып турат.

Каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин окождун кабыл алуу комиссиясы кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин түзөт. Кабыл алууга жалпы баллы дээрлик жогорку болгон абитуриенттер сунушталат.

Кабыл алууга сунушталгандан кийин 3 күндүн ичинде абитуриент окууга карата келишимге кол коюу аркылуу аталган окождо окууну каалоосун тастыктоого тийиш, анын формасы Автоматташтырылган маалыматтык системада жайгаштырылат. Контракттык негизде окууга сунушталган абитуриенттер 3 күндүк мөөнөттүн ичинде окуу үчүн жылдык нарктын 50% кем эмес бөлүгүн которууга тийиш.

Эгерде кабыл алууга сунушталган абитуриент 3 күндүк мөөнөттүн ичинде аталган окождо окууну каалоосун тастыктабаса, анда анын орду автоматтык түрдө бош болуп саналат жана ага кийинки турда конкурс жарыяланат.

Конкурска катышуу үчүн электрондук түрдө берилген документтердин түп нускалары окуу жылдын башында окождун кабыл алуу комиссиясына тапшырылат.

Абитуриенттерди кабыл алуу жөнүндө буйрук акы төлөө факты боюнча жана келишимге кол коюлгандан кийин чыгарылат.

Берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгы үчүн жоопкерчиликти абитуриент тартат. Жасалма документтерди берген учурда студент окуудан чыгарылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар