Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Бишкекте артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы болуп өттү

Көрүлдү: 0

Иш- чаранын максаты – артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу. Мындан тышкары, фестиваль мектеп окуучуларына максаттуу жана аң-сезимдүү кесип тандоодо практикалык жардам көрсөтүү максатын көздөйт.

post.title

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоодо ийгилик каалап, жыл өткөн сайын эмгек рыногунда популярдуу болуп жаткан жумушчу кесиптерге көңүл бурууга чакырды.

Фестивалда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу бүтүрүүчү класстын окуучуларына: “Кыргызстанда 150дөн ашык кесип болсо, анын 40ы эң көп талап кылынган кесиптер болуп эсептелет. Бизде тигүүчүлөргө, конструкторлорго, дизайнерлерге, ширетүүчүлөргө, куруучуларга, гүл сатуучуларга, троллейбус айдоочуларына, энергетиктерге талап абдан жогору. Жыл өткөн сайын баары өзгөрүүдө, эч нерсе ордунда турбайт. Андыктан кесип тандоодо акылдуулук менен мамиле кылууга чакырам”, - деди.

Кыргыз Республикасындагы Азия өнүктүрүү банкынын өлкөлүк директору Чжэ Ву: “Билим берүүгө жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө инвестицияоо экономикалык өсүштү жана өндүрүмдүүлүктү стимулдаштыруу үчүн абдан маанилүү болуп чыкты. Азия өнүктүрүү банкы ырааттуу инвестициялык долбоорлор жана программалар аркылуу көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин колдоду. Эмгек рыногунун өнүгүшүнө жана билимдердин жана көндүмдөрдүн жаңы түрлөрүнө суроо-талаптын пайда болушуна жараша билим берүү системалары суроо-талапка жооп катары өзгөрүүгө мажбур болууда”, - деди.

Фестивалга катышкан 9 колледж жана 22 кесиптик лицейдин өкулдөрү жыгачтан же металлдан жасалган тиричилик буюмдарынын, көйнөктөрдүн, таттуу токочтордун көргөзмөсүн, адистиктердин тизмеси жана кабыл алуу боюнча маалыматтар жазылган стенддерди тартуулашты.

Фестивалдын программасында конкурстар, викториналар, студенттердин мода көрсөтүүлөрү, иш берүүчүлөрдүн жана окуу жайлардын чыгармачыл жамааттарынын ыр-бий номерлери болду. Ошондой эле Кыргызстандын эстрада жылдыздары да катышты.

Иш-чара Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар