Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселеси талкууланды

Көрүлдү: 0

Кесиптик билим берүүнүн абалы жана региондогу колледждерди жана кесиптик лицейлерди өнүгүусүнө Алдыңкы тажрыйба борбору (АТБ) катары окуу жайдын салымы темасына арналган тегерек столго 50гө жакын катышуучу катышты. Бул-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр, АТБлардын өкүлдөрү.

post.title

Иш-чаранын катышуучулары бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга даярдоо маселелеринде социалдык өнөктөштөр менен конструктивдүү кызматташуунун формаларын издөө маселелерин, Ысык-Көл облусунун окутуучуларынын кесиптик потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн логистикалык жана методикалык борбор катары АТБнын ишмердүүлүгүн, ошондой эле валидация жана сертификациялоо маселелерин талкуулашты.

Бүгүнкү күндө АТБ – эмгек рыногунун суроо-талаптарына жооп берген заманбап окуу жайы, анын максаты-эксперименталдык кесиптик стандарттардын негизинде методологияларды жана практикаларды колдонуу менен облустук эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоо, компетенциялык негизде окутуу.

Колледжде инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү түзүлгөн, имараттар реконструкцияланып, заманбап окуу-өндүрүштүк комплексте, аймак үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча жумуш ордунда окутуу жүргүзүлөт. Окуу-өндүрүштүк комплексинде окуу процессинен тышкары, кошумча киреше алуу үчүн мейманкана уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар