Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинде "Чүй облусунда кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечеги" темасында тегерек стол болуп өттү

Көрүлдү: 0

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Секторду өнүктүрүү программасы:Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр"долбоорунун алкагында уюштурулду.

post.title

Тегерек столго кызыкдар тараптар - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр, Алдыңкы тажрыйба борборлорунун (АТБ) өкүлдөрү катышышты.

Республиканын экономикасы акыркы жылдары өзүнүн өнүгүүсүндө кыйла чоң кадамдарды жасоодо. Бул, өз кезегинде квалификациялуу кадрларга муктаждыкты жаратууда. Мындан улам, өндүрүшкө керектүү кадрларды даярдоо кесиптик билим берүүдө алдыңкы орунда болууда.

Иш - чарада Алдыңкы тажрыйба борборунун - долбоордун пилоттук окуу жайларынын бири болгон Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин аймактын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, окуу жайдын иш берүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр менен өз ара байланышын жакшыртуу, валидация жана сертификациялоо маселелери жана башкалар талкууланды. Жалпысынан, АТБ долбоордон 1 млн долларга жакын колдоо алган. Бул каражат имараттарды реконструкциялоого, окуу жайын окуу жана өндүрүштүк жабдуулар, техника жана эмеректер менен камсыздоого, педагогикалык курамды окутууга жана башкаларга багытталган.

Долбоордун менеджери Н.Атакановдун айтымында, АТБ облустун батыш бөлүгүндө Билим берүү жана илим министрлигинин саясатын алдыга жылдырган окуу жайын айланышы зарыл керек: "Бул аймакта бир катар колледж жана кесиптик лицейлер жайгашкан. АТБ өзүн гана өнүктүрбөстөн, бул кесиптик билим берүү мекемелерине да көмөк көрсөтушу керек. Бул 1-кезекте билим берүү программаларын жакшыртуу, окутуучулардын жана мастерлердин квалификациясын жогорулатуу жана башка маселелерди камтыйт".

Мындай тегерек столдор Бишкек шаарында, Нарын, Ысык-Көл, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарында дагы уюштурулат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар