Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Колледж өкүлдөрү үчүн жасалма интеллект боюнча мастер-класс болуп өттү

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Бишкекте "Окутуучулар үчүн жасалма интеллект платформасы" аттуу мастер-класс болуп өттү.

post.title

Иш - чаранын максаты - билим берүү процессинде жасалма интеллекттин колдонулушу менен таанышуу.

Иш-чаранын катышуучулары Алдыңкы тажрыйба борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун адистери болушту.

Мастер-класста катышуучулар алдыңкы билим берүү технологиялары дүйнөсүнө сүңгүп кирип, билим берүү процессинде жасалма интеллекттин иштөө принциптери жана колдонулушу менен тааныша алышты.

Мастер-классты тренер Инновациялык педагогдор коомунун мүчөсү Айсулуу Имашева өткөрдү. Ал иш-чара тууралуу буларды айтты: "Бүгүнкү күндө жасалма интеллект адам жашоосунун бардык тармактарына, анын ичинде билим берүүдө колдонулууда. Бул, мугалимдин ишин оптималдаштырууга жардам берет жана окутуучунун убактысын үнөмдөп, жардамчы катары иштейт. Биз бүгүн катышучулар окуу программаларынын мазмунун, окутуу жана баалоо ыкмаларын жана кайра карап чыгышы үчүн, жалпы маалымат берип, жасалма интеллект платформаларын колдонууну үйрөтүүнү максат койдук".

Мастер-класс учурунда активдүү дискуссиялар жана пикир алмашуулар болуп, бул катышуучуларга теманы тереңирээк түшүнүүгө жана өз идеялары жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берди. "Мастер-класс мугалимдер үчүн билимин жаңыртууга жана билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу боюнча жаңы идеялар менен шыктанууга эң сонун мүмкүнчүлүк болду", - деп белгиледи катышуучулардын бири.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар