Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Кыргыз делегация Австриянын тажрыйбасын өздөштүрүп жатат

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жетектеген кыргыз делегациясы Австрияга тажрыйба алмашуу сапары менен барды.

post.title

Иш-сапар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилиги ишке ашырылып жаткан жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланаган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында уюштурулуп, ушул жылдын 17-мартынан 22-мартына чейин уланат.

Кыргыз тарап Австрия мамлекетинин бир катар кесиптик били берүү окуу жайларында болот.

Иш сапардын максаты - Австриянын Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүүдөгү саясаты, кесиптик билим берүү окуу жайларында башкаруунун жана каржылоонун автономиясын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, жана кошумча киреше алып келүү жолдору, жумуш берүүчүлөр менен кесиптик билим берүү системасынын ортосундагы шериктештиктин алдыңкы тажрыйбалары, кесиптик  билим берүүдө ишкерликке окутуунун заманбап ыкмалары менен таанышуу.

Ошондой эле иш сапардын негизги багыттарынын бири - кесиптик билим берүүдөгү окутуу программаларындагы алдынкы тажрыйбаларды изилдеп, Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтырып ишке киргизүү жана Австриянын Билим берүү министрлиги жана кесиптик билим берүү окуу жайлары менен маалымат алмашуу каналдарын түзүү болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар