Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстан үчүн 8 млн АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик жардам бөлүүнү жактырды

Көрүлдү: 1031

Азия өнүктүрүү банкы кесиптик техникалык билим берүү системасындагы саясий чараларды аткаруунун натыйжалары боюнча Кыргызстан үчүн 8 млн АКШ доллары суммасында бюджеттик жардам бөлүүнү жактырды.

post.title

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүш көндүмдөрү» долбоорунун алкагында 16 саясий иш-аракет аткарылды, атап айтканда:

- кесиптик стандарттарга ылайык компетенттүүлүк негизинде эксперименттик билим берүү программалары бекитилди;

- ишкердикке окутуу боюнча модуль иштелип чыгып, эксперименттик билим берүү программаларына киргизилди; 

- жумуш ордунда окутуу концепциясы иштелип чыгып, бекитилди жана тандалып алынган колледждерде сыноодон өткөрүлүүдө;

- нормативдик (жан башына) каржылоо формуласы иштелип чыгып, пилоттук колледждерде сыноодон өткөрүлдү;

- ишинин негизги багыттары кесиптик техникалык билим берүү уюмдары үчүн педагогикалык кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу болуп саналган башталгыч кесиптик билим берүү жана орто кесиптик билим берүү тармагынын окутуучуларын өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, бекитилди;

- аймактык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоо методологиясы бекитилди;

- тармактык иш берүүчүлөр-өнөктөштөр менен пилоттук окуу жайлардын ортосунда өнөктөштүк боюнча макулдашуу түзүлүп, ишке ашырылып жатат.

Андан тышкары 8 пилоттук колледжде окуу имараттарын жана жатаканаларды реконструкциялоо жүргүзүлүүдө. Бул колледждер окуу жабдуулары, эмеректер жана компьютердик техника менен камсыздалат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар