Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Бишкекте алдыңкы тажрыйба борборлорунун дарамети талкууланууда

Көрүлдү: 0

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (БИМ) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында түзүлгөн 8 алдыңкы тажрыйба борборунун (АТБ) дараметин талкуулоо боюнча тегерек стол башталды.

post.title

Тегерек столдун максаты – долбоордун пилоттук иш-чараларын ишке ашыруу боюнча пилоттук окуу жайлары - 8 АТБнын учурдагы абалы тууралуу маалымат берүү, туруктуулукка жетишүү боюнча АТБнын ишмердүүлүгүнүн багыттарын талкуулоо жана кесиптик билим берүү саясатын илгерилетүүдө БИМ менен АТБнын ортосундагы өз ара байланышты бекемдөө болуп саналат.

Тегерек столго БИМ, долбоордун өкүлдөрү, АТБнын директорлору жана эксперттери катышууда.

Иш-чарада долбоордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалары жана БИМдин АТБдагы саясатын алга жылдырууга көмөктөшүү боюнча дарамети каралат. Мындан тышкары, тегерек столдун катышуучулары компетенттүүлүк негизде окутуу жана жумуш ордунда окутуу боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруу жана илгерилетүү, көндүмдөрдү валидациялоо жана сертификациялоо боюнча АТБнын ишмердүүлүгү, социалдык өнөктөштүк жана кесиптик билим берүү системасынын инженердик-педагогикалык кызматкеринин потенциалын жогорулатуу ж.б. маселелерди  талкуулашат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар