Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Бишкекте жумушчу кесиптердин республикалык чемпионаты башталды

Көрүлдү: 0

Чемпионаттын максаты-Кыргызстандагы кесиптик даярдыктын жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу, улуттук мелдештерди өткөрүү жана эл аралык мелдештерге катышуу аркылуу жумушчу кесиптерди кеңири жайылтуу.

post.title

Иш-чаранын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Н.Шакиев, Билим берүү жана илим министри Д. Кендирбаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Г. Баатырова, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн ири компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Колледж студенттери жана кесиптик лицейлердин окуучулары арасында "ширетүү технологиясы", "ашпозчулук иши" жана "мода технологиясы" адистиктери боюнча өтө турган чемпионат эки күнгө созулат.

Жалпысынан чемпионатка 19 адам катышууда. Алардын ишине 15 эксперт баа берет.

Буга чейин Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек шаарында  аймактык мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр республикалык чемпионаттын катышуучулары болушкан. Ар бир кесиптин мыкты студенттери жана окуучулары ушул жылдын сентябрь айында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат.

WorldSkills Kyrgyzstan чемпионаты жаштардын көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө болот деп күтүлүүдө.

Иш-чаранын "Касеф" коомдук фонду жана КР Билим берүү жана илим министрлиги. Иш чаранын өнөктөштөрү – "Айко-Сейко" ЖЧКсы жана “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоору.
WorldSkills – эл аралык ассоциациясына дүйнөнүн бардык континенттеринен 85 өлкө мүчө, ал эми Кыргызстан былтыр 86-өлкө болуп катталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар