Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Кесиптик билим берүү мекемелери компьютердик техника менен камсыз болууда

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылы 34 баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин жана Республикалык илимий методикалык борборду 695 142 АКШ доллары өлчөмүндөгү компьютердик техника менен камсыз кылат.

post.title

Тактап айтканда, 20 билим берүү мекемесинде компьютердик класс жана конференц зал, 7 кесиптик лицейде компьютердик класс толугу менен заманбап техника менен жабдылат. Ал эми 8 Алдыңкы тажрыйба борборуна жарым өнөр жай 3D-принтер сатып алынат.

Мындан тышкары, аталган окуу жайлардын педагогдору жаңы техника менен колдонуу боюнча окутуудан өтөт.
Бул иштер министрлик тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылып жаткан  “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар