Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
6 КОЛЛЕДЖДЕ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ СОҢУНА ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 1240

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 6 колледжде капиталдык оңдоп-түзөө иштери соңуна чыкты.

post.title

Атап айтканда, Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи, Бишкек техникалык колледжи, Бишкек авто-жол колледжи, Талас агрардык-экономикалык колледжи, Ош курулуш колледжи, Өзгөн технология жана билим берүү колледжинде 82 163 835 сомго чатырды, жылытуу жана жарыктандыруу системаларын, эшик-терезелерди жаңылоо, спорттук зал, китепканаларды ондоп-түзөө өңдүү иштер жүргүзүлгөн.

Жалпысынан долбоордун алкагында 34 пилоттук башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин реконструкциялоо,оңдоп-түзөө, алардын материалдык-техникалык базасын жаңыртуу, педагогикалык курамдын квалификациясын жогорулатуу иштери каралган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар