Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Кыргызстанга Азия өнүктүрүү банкынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору София Шакил келди

Көрүлдү: 0

Азия өнүктүрүү банкынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору София Шакил, АӨБдүн Маниладагы кеңсесинин өкүлү Маматкалил Раззаев, банктын жергиликтүү кеңсесинин кызматкери Бактыгүл Өмүрзакова “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун иши менен таанышуу максатында долбоордун пилоттук окуу жайларынын бири – Бишкектеги архитектура, курулушта жана менеджмент колледжинде болушту.

post.title

Окуу жайда чакан экскурсия жана студенттер менен жолугушуудан кийин долбоордун менеджери Нурлан Атаканов долбоордун ишинин жыйынтыктары тууралуу презентация жасады.

Аталган жолугушууга долбоордун, колледждин өкүлдөрү, ошондой эле окуу жайдын социалдык өнөктөштөрү жана иш берүүчүлөр катышты.

София Шакил долбоордун ишинин жыйынтыктарына канааттангандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 34 баштапкы жана орто билим берүү окуу жайы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан АӨБдүн каржылык колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун пилоттук окуу жайы болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар