Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Кыргызстанда алгачкы жолу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча WorldSkills чемпионаты өткөрүлүүдө

Көрүлдү: 0

Ушул тапта Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек шаарында колледждер жана кесиптик лицейлер арасында “мода технологиясы”, “ашпозчулук иш”, “ширетүүчү” компетенциялары боюнча аймактык сынактар өтүүдө.

post.title

"Мода технологиясы" боюнча сынакка республика боюнча 51 окуу жайы: 9 колледж жана 42 кесиптик лицей катышууда. Сынактын жыйынтыгы боюнча 8 окуу жай тандалып алынып, алар улуттук деңгээлдеги сынакта өз күчүн сынайт. Ал эми жыйынтыктоочу сынактын жеңүүчүлөрү Лион шаарында (Франция) 2024-жылдын 10-15-сентябрында өтө турган эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Сынактын катышуучуларын баалоонун негизги критерийлери - эмгекти коргоонун талаптарын сактоо менен белгиленген убакытта практикалык тапшырманы сапаттуу аткаруу болуп саналат.

Ал эми сынактын максаттарынын бири – азыркы эмгек рыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоо, андыктан чемпионатка өлкөнүн ири иш берүүчулөрү тартылган.

Аймактык чемпионаттын жыйынтыгы ушул жумада белгилүү болот.

Кыргызстан WorldSkills International ассоциациясына ушул жылы КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана "Касеф" коомдук фондунун демилгеси менен кирген. Уюмга дүйнөнүн бардык континенттеринен 85 өлкө мүчө. WorldSkills чемпионаты жумушчу кесиптердин статусун жогорулатуу жана бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү аркылуу жумушчу кесиптерди жайылтууга багытталган эл аралык кыймыл болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар