Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Локалдуу эмгек рынокторун пилоттук талдоо боюнча тренинг болуп өттү

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, “Секторду өнүктүрүү программасы:Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун пилоттук окуу жайлары тарабынан локалдуу эмгек рынокторун пилоттук талдоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча практикалык тренинг болуп өттү.

post.title

Жергиликтүү эмгек рынокторундагы кырдаалды изилдөө боюнча иштерди жүргүзүүнүн алкагында жергиликтүү эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунушту талдоо методологиясы иштелип чыккан, ал Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилип, орто кесиптик окуу жайларына сунушталган.

Тренинг Бишкек шаарында Алдыңкы тажрыйба борборлорунда даярдалган 8 тренер тарабынан өткөрүлүп, ага долбоордун Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустары жана Бишкек шаарындагы бардык пилоттук окуу жайлары чакырылган.

Ушундай эле иш-чара 21-декабрдан 23-декабрга чейин Ош шаарында өткөрүлөт. Ага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары жана Ош шаарында жайгашкан пилоттук окуу жайлардын өкүлдөрү катышат.

Тренингге эмгек рыногун пилоттук талдоо боюнча иштерди жүргүзүп жаткан пилоттук окуу жайлардын 2ден кызматкери катышат. Тренингдердин натыйжасында локалдуу эмгек рынокторун пилоттук талдоо боюнча жыйынтыктар чыгарылат жана жүргүзүлгөн ишти эске алуу менен мындан аркы пландар аныкталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар