Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Алдыңкы тажрыйба борборлору арасында флешмоб сынагынын жыйынтыгы чыкты

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү Алдыңкы тажрыйба борборлору (АТБ) арасында флешмоб сынагын жарыялаган.

post.title

Сынактын максаты – өлкөдөгү орто профессионалдык билим берүүнү популяризацилоо.
Сынактын эрежелери боюнча, ар-бир АТБ “Менин адистигим”, “Мен өз колледжимди жакшы көрөм”, “Биздин АТБ – эң мыкты” өңдүү темаларга флешмоб тартып, социалдык баракчаларга жайгаштырган.

Сынакка төмөнкү окуу жайлар катышкан:
    • Бишкектеги курулуш, архитектура жана менджмент колледжи
    • К.Скрябин атындагы КУАУнун Токмок колледжи
    • С.Нааматов атындагы НМУнун Агроэконмика колледжи
    • ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи
    • Т.Кулатов атындагы Кызы-Кыя тоо техникалык инновация жана экономика колледжи
    • ОшМУнун индустриалдык-экономикалык колледжи
    • Ысык-Көл индустриалдык-экономикалык колледжи
    • М.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи

Жюри мүчөлөрү тарабынан үч жеңүүчү тандып алынды. Алар:
    • Бишкектеги курулуш, архитектура жана менджмент колледжи
    • ОшМУнун индустриалдык-экономикалык колледжи
    • ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи

Бул окуу жайлардын студенттери үчүн футбол, волейбол топтору жана стол тенниси үчүн спорттук шаймандардан турган топтом байге катары берилет.

Ал эми сынакка катышкан башка окуу жайлар белек сертификаттарына ээ болот.
Сынак “Секторду өнүктүрүү программасы:Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан каржыланды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар