Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
КЫЗЫЛ-КЫЯ ТОО-ТЕХНИКАЛЫК ИННОВАЦИЯ ЖАНА ЭКОНОМИКА КОЛЛЕДЖИНДЕ ЖУМУШСУЗ АЯЛДАРГА ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Көрүлдү: 0

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинин Алдыңкы тажрыйба борбору эмгек рыногун изилдөө жана аймакка керектелүүчү адистерди кыска мөөнөттүү курстарда окутууну жолго коюп келе жатат.

post.title

Мындай мүмкүнчүлүк Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы:Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 2022-жылы колледжде уюштурулган Алдыңкы тажрыйба борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында түзүлгөн.

Колледж Кызыл-Кыя шаарынын Эмгек, миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу бөлүмү менен биргеликте Алдыңкы тажрыйба борборунун базасында жумушсуз аялдарга окутуу жүргүздү.

Окутууга шаардан кѳп балалуу, жалгыз бой жана жумушсуз 15 аял катышкан. Окутуу “Компьютер жана санарип технологиялары” адистиги боюнча 240 саат кѳлѳмдү түзгөн жана анын катышуучулары толук акысыз билим алып, жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө стипендия төлөнүп берилген.

Окутууну ийгиликтүү жыйынтыктагандарга сертификаттар тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар