Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРДИН ӨКҮЛДӨРҮ WORLDSKILLS INTERNATIONAL АЛКАГЫНДА ОКУТУУДАН ӨТТҮ

Көрүлдү: 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоору «КАСЕФ» коомдук фонду менен биргеликте “WorldSkills Kyrgyzstan” ассоциациясынын алкагында эксперттерди эл аралык стандарттарга жана талаптарга окутууну уюштурду. Окутуу Бишкек шаарында “Мода технологиясы”, “Ашпозчулук иши” жана “Ширетүү технологиясы” компетенциялары боюнча өттү.

post.title

Иш-чарага эл аралык тренерлер тартылган. Окуунун жыйынтыгы боюнча 38 эксперт сертификатка ээ болду. Алардын ичинде Бишкек шаары жана өлкөнүн аймактарынан 6 кесиптик лицей, 4 колледждин өкүлдөрү бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстан WorldSkills International ассоциациясына жалпысынан 85 кирет. Ал эми Кыргызстан быйыл КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана «КАСЕФ» коомдук фондунун демилгеси менен 86-мүчө катары катары кирген.

Аталган ассоциацияга кошулуу өзгөчө баштапкы жана орто кесиптик билим берүү деңгээлиндеги билим берүүнүн жана окутуунун кадыр-баркын жогорулатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар