Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Кызыл-Кыя колледжинин студенттери кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгүн алды

Көрүлдү: 0

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Кулатов атындагы тоо-техникалык инновация жана экономика колледжи “Алдынкы тажрыйба борбору” статусуна ээ болуп, киреше алып келүүчү ишмердик жолго коюлган.

post.title

Бул Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду ѳнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү ѳсүү үчүн көндүмдѳр” долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Окуу жайдын студенттери үчүн жумуш ордунда окутуу процессин толук кандуу ишке ашыруу максатында, 2022-жылы органикалык азыктарды кайра иштеп чыгуучу заманбап, коопсуз жабдуулар жана шаймандар менен камсыздалган ишкана ачылган. “Айыл-чарба продукцияларын ѳндүрүп чыгаруу жана кайра иштетүүнүн технологиясы” адистигинде билим алып жаткан студенттер ишканада практика гана ѳтпѳстѳн, долбоор тарабынан сунушталган “ишкердикке окутуу” программасын да ишке ашырып жатат. Тактап айтканда, ѳз колдорунан жасалган кургатылган жемиш кагы, мѳмѳ-жемиштерден жасалган чай, жемиш момпосуй ѳңдүү азыктарды сатыкка чыгарып, киреше алуу мүмкүнчүлүгнѳ ээ болду.

Мындан сырткары “Тигилген кийимдерди моделдѳѳ, контрукциялоо жана тигүү технологиясы” адистиги үчүн да атайын тигүү цехи жана моделдѳѳ лабораториясы түзүлгөн. Бул адистиктер боюнча билим алган студенттер конвейрдик негизде жана жеке буйуртма менен кийимдерди тигүү, жеке моделдерди иштеп чыгуу менен кошумча киреше алып келүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ.

Ушул тапта аталган эки багыт боюнча өндүрүлгөн продукцияны кеңири рынокко чыгаруу иши жолго коюулууда.

“Секторду өнүктүрүү программасы:Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоору Азия өнүктүрүү банкынын каржылык  колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар