Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
АЙМАКТАРДАГЫ КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕН ӨТӨТ

Көрүлдү: 2747

Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарында башталган тренингге өлкө аймактарынын колледждеринен 15 окутуучу катышууда.

post.title

Иш-чаранын максаты – ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдөн болгон студенттерге педагогикалык жана психологиялык жактан туура мамиле жасоонун ыкмаларын үйрөтүү. Тренинг Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

Өлкөдө билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу мугалимдердин жалпы педагогикалык квалификациясын жогорулатуу, инклюзивдик маданиятын өнүктүрүү, инклюзивдик даярдыгын калыптандыруу маселелерин чечүүнү талап кылат.

Билим берүү окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бөлбөй, жалпы окуучулар менен чогуу окутуу жана ошондой эле алардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жекече мамиле кылуу өтө маанилүү. Буга байланыштуу, тренингден окутуучулар аталган студенттердин муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга үйрөнүп чыгат.

Жыпара Иманканова Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжде окутуучу болуп эмгектенет. Ал өзүнүнүн бир нече кесиптештери менен тренингден өтүү үчүн келген: "Биздин колледжде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 14 студент билим алат. Алар программалоону үйрөнүшөт. Биз мындай студенттер менен иштешүүдө аларга өтө кылдат мамиле керек экенин түшүндүк. Башкача айтканда, ар бир педагог аларды коомго интеграциялоо үчүн тиешелүү көндүмдөрго ээ болуусу керек экен. Дал ошондуктан, биз үчүн бул тренинг өтө маанилүү".

Иш-чаранын баштапкы жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларына мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди көбүрөөк тартуу жана алардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүүгө көмөк көрсөтөт.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору кесиптик билим берүү окуу жайында инклюзия принциптерин сактоо, социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдөн болгон окуучулар, кыздар жана мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн шарттарды түзүүнү ишке ашырат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар