Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
КАРА-БАЛТА ТЕХНИКА-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН ШААРДЫ ЖАКШЫРТУУДА ОРДУ ЧОҢ

Көрүлдү: 2666

Ушул жылдын 18-октябрында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылган "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун пилоттук окуу жайы болгон Кара-Балта техника-экономикалык колледжине пресс-тур уюштурулду.

post.title

Көп жылдык тарыхы бар колледжде учурда 800дөй студент билим алууда.

Бир канча массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү окуу жайда долбоордун алкагында түзүлгөн Алдыңкы тажрыйба борбору (АТБ) жана окуу-өндүрүштүк комплекс менен таанышты.

Колледждин директору А. Макенова журналисттерге окуу жайдын жалпы ишмердиги жана АТБда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди: "Билим берүү жана илим министрлиги долбоор аркылуу бизге чоң колдоо көрсөттү. АТБ, окуу-өндүрүштүк комплексинин курулушунан тышкары, имаратыбыз толугу менен реконструкцияланып, жатакана ремонттолуп, 9 млн. сомдон ашык суммага кеңсе жабдуулары, 7 млн.сомдон ашык суммага окуу эмеректери жана 9 млн.сомго жакын суммага окуу жана өндүрүштүк жабдуу менен камсыз болдук".

Долбоордун менеджери Н. Атакановдун айтымында, колледжде иш берүүчүлөр жана башка кызыктар тараптар менен социалдык өнөктөштүктү кеңейтүү, келечекте студенттердин өз экономикалык ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүк катары ишкерликке окутуу, жумуш ордунда окутуу жана компетенттүүлүк негизде окутуу методикасы киргизилген: “Окуу жайдын окутуучулары өз квалификациясын жогорулатып, мындан тышкары чөлкөмдөгү башка лицей, колледждердин окутуучуларынын билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышкан. Ошондой эле, студенттердин ар-тараптуу инсандык өнүгүшүнө багытталган жаңы ыкмаларды киргизүү, анын ичинде инклюзия принциптерин сактоо, социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдөн болгон окуучулар, кыздар жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү студенттер үчүн шарттарды түзүү каралган”.

Кара-Балта шаарынын мэри М. Джекшенов өз сөзүндө окуу жайдын шаардын өнүгүшүнө тийгизген таасирине токтолду: “Кара-Балта техника-экономикалык колледжи, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда түзүлгөн АТБнын шаардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, кесипкөй адистерди даярдоодо орду чоң. Учурдан пайдаланып, мен Билим берүү министрлиги жана Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирем”.

Ушул тапта АТБда Чүй жана Талас облусунун лицейлеринен келген жыйырмага чукул мугалим “Автоэлектрик” кесиби боюнча өз квалификациясын жогорулатууда.

Журналисттер окутуу процессине күбө болуп, курстан өтүп жаткан мугалимдер менен баарлашты. Ошондой эле окуу-өндүрүштүк комплекси менен таанышты. Аталган комплекс студенттердин теориялык билимин практика түрүндө бекемдөөнү гана эмес, сырттан буйрутма алып, колледж үчүн киреше табууга багытталган.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында жалпысынан өлкө боюнча 8 АТБ түзүлгөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар